«УТУБ» кафедрасы

logo_oput «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу» кафедрасы 2001-жылы уюшулган. 2005-жылдан тартып кафедраны т.и.к., доцент Нурманбетов Н.Р. жетектеп келет.
Азыркы убакытта кафедрада 10 кызматкер эмгектенип келет, анын ичинен техника илимдеринин кандидаты 2 жана 4 окутуучу магистр даражасына ээ. Кафедра бүтүрүүчү болуп саналат жана «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу» багыты боюнча дипломдуу адистерди даярдайт.  
2008-жылы «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу» багытынын базасында эки адистешүү түзүлгөн: «Эл аралык ташуулар» жана «Транспорт комплексинин ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана инспектирлөө».
2012-жылдан тартып кафедра 670300 «Транспорт процесстеринин технологиясы» багыты «Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу» профили боюнча бакалаврларды даярдайт.
«Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытынын «Транспорттук логистика» магистрдик программасы боюнча бакалавр жана магистрлерди даярдоого лицензия алынган.
Кафедрада «Эл аралык ташуулар» адистешүүсү боюнча Н.Исанов атындагы КМКТАУ инженердик-педагогикалык борборунда квалификацияны жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы бар жана анын негизинде транспорт жаатындагы кызматкерлер жана бүтүрүүчүлөр жана дагы республиканын региондорундагы жаш адистер үчүн дайыма курстар уюшулат.
Европа комиссиясынын астында жүзөгө ашып жаткан «КМШ өлкөлөрүндө транспорт жаатындагы окуу даярдыгынын сапатын жогорулатуу» TRACEСA эл аралык долбооруна кафедранын кызматкерлери катышууда.
Бул долбоор боюнча бир кызматкер Германияда жана Нидерландыда «Мультимодалдык ташуулар жана оперативдик сыйышкычтык» темасы боюнча стажировкадан өткөн жана бир кызматкер Грузияда «Транспорттук пландоонун механизмдери жана ыкмалары – ташууларды божомолдоону моделддөө жана божомолдоо» темасында болгон регионалдык симпозиумга катышып келген.
Азыркы убакта кафедрада жогорку кесипкөй  деңгээлдеги адистер иш алып барат (кафедранын курамы).
Кафедрада унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу боюнча жогорку квалификациядагы инженерлерди даярдоо боюнча окуу процессин өркүндөтүү боюнча чоң иш-аракеттер жүргүзүлүп келет, мисалы «Жүккө киришүү», «Жүргүнчүлөр ташуулары», «Жүк ташуулар», «Эл аралык ташуулар» ж.б. адистиктин сабактарын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн адистешкен аудитория жасалган.
Адистиктин студенттери университеттин коомдук жана спорттук иш-чараларына активдүү катышып келет. 
Төмөнкү келишимдер бар:
- Дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген транспорттук курулуш жаатындагы квалификациялуу адистерди даярдоодо тажрыйба алмашуу, КМКТАУ жана КазТКА ортосунда байланышты тереңдетүү жана өнүктүрүү максатында «УТУБ» кафедрасы жана Казак транспорт жана коммуникациялар академиясы ортосунда кызматташтык боюнча.
- Биргелешкен илимий-техникалык ишмердүүлүк алкагында узак мөөнөттөгү кызматташтыктагы эки жактуу кызыкчылыкты тастыктаган КМКТАУ жана Ташкент автомобил-жол институту ортосунда илимий –техникалык кызматташтык боюнча.
- Биргелешкен илимий-техникалык ишмердүүлүк алкагында узак мөөнөттөгү кызматташтыктагы эки жактуу кызыкчылыкты тастыктаган КМКТАУ жана Москва мамлекетттик автомобил-жол институту (техникалык универсиет) ортосунда илимий –техникалык кызматташтык боюнча.
Байланыш маалыматтары: e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. , кызм.тел.: (0312) 54-16-96.

                                                                                                                               ж.: 20.02.18.