7САТКЫНАЛИЕВ КАНЫБЕК ТАШБОЛОТОВИЧ

Техника илимдеринин  кандидаты, «АЖжКТ» кафедрасынын доценти.  1980-ж., туулган, улуту- кыргыз. 2001-ж., Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин   транспорттук курулуш факультетинин «Автомобиль жолдору жана аэродромдор» адистигин аяктаган». «Инженер-куруучу» квалификациясы ыйгарылган.                                                                    
2001-ж., өндүрүштөн ажыратылбастан КМКТАУнун аспирантурасына 05.23.11. адистиги боюнча тапшырган.
Эмгек ишмердүүлүгүн 2001-ж., баштаган: №1 Жол-Эскплуатациялоо ишканасында прораб; Бишкек –«Манас» аэропорту жолун салууда; Бишкек – «Ала-Арча» Улуттук жаратылыш паркы жолун салууда катышкан.

2002-2007-ж.ж.,  «Кыргызжолтрансдолбоор Мамлекеттик долбоорлоо инститтутунда 3-категориядагы инженер, 2006-ж., баштап 1-категориядагы инженер болуп иштеген.
К.Т. Саткыналиевдин түздөн-түз катышуусу менен  Казахстан Республикасында Атырау–Актау, Майкапчагай–Павлодар–Омск, Алма-Ата шаардык жол каттамдарынын

долбоорлору иш жүзүнө ашырылган, Жалал-Абад облусунун  Барпы – Чангетсай  жол бөлүгүнүн  топографиялык изилдөөлөрү жана ал жердин санариптик моделдештирүүсүнө катышкан. 2005-ж., Бишкек–Ош, Таш-Кумыр–Маданият  автожол аралыгында  Луис Бергер Консалтинг фирмасынын консультанты болуп иштеген.
2006-ж., «Тоолуу автомобиль жолдорун авмоматташтырылган долбоорлоо усулдарын жакшыртуу»  темасы боюнча  05.23.11 – жолдорду, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөөлөрдү жана транспорттук туннелдерди долбоорлоо жана куруу адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
2007-ж., баштап  КМКТАУнун «АЖжКТ» кафедрасында окутуучу, ага  окутуучу, доценттин м.а.,
Иштөө учурунда КМТУ, КМКТАУда өткөрүлгөн эл аралык жана республикалык илимий-изилдөө конференцияларына  баяндамалары менен катышып, 16 илимий макалаларын ар түрдүү жыйнактарга басып чыгарган, анын ичинен КР УАК сунушталган мезгилдүү басылмалары.
Илимий-изилдөөлөрүнүн негизги  жыйынтыктары «Аэродромкурулуш» АК, Бишкек–Ош автомобиль жолдор генералдык дирекциясынын, КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  ишканаларында киргизилген.  Бардык сабактардын түрлөрүн алып барат,  негизги атайын сабактардан лекцияларды жогорку кесипкөй деңгээлде өткөрөт. Сабактарды  алып баруу усулу заманбап жогорку мектептин талаптарына толук жооп берет.