Сиздерди Н.Исанов ат.КМКТАУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери  быйылкы акыркы коңгуроо салтанаты менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Мектепте окуган  жылдардын жыйынтыгын чыгарып, билимиңерди тереңдетип, жаңы багыт алганы турасыңар. Алдыда эң башкы туура чечим кабыл алуу мезгили келип,  көңүлүңөргө жаккан келечек кесипти тандап алууңыздарга тилектешпиз.  Анткени  заманыбыздын талаптарына жооп берген, билимдүү, жөндөмдүү, кесипкөй жарандар  –  өлкөбүзгө дайым керек.

Эл керегине жараган, ата-энелерди кубанткан, келечеги кең жаштардан болуңуздар! Жолуңар байсалдуу болсун!

Жап-жашыл,май айы келип калды,

 Коштошууга мезгил келди Мектебим.

Кош дебейм,көрүшкөнчө деп айтам,

Жашоонун да мектеби бар өзүнчө.