2019-ж. 27-сентябрында Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан «Эне тилин өнүктүрүүгө кошкон салымым» деген аталыштагы студенттер арасында тегерек отурум өткөрүлдү.

Аталган отурумга ПГС-1-19, СЖД-1-19, ОБД-1-19 тобунун студенттери катышты. Отурумдун катышуучулары күнүмдүк пикир алмашууда кыргыз тилинде таза сүйлөө керектигин баса белгилешип, чет тилдерин үйрөнүү менен катар өз эне тилин да так билүү зарыл деп кызуу талкуу жүргүзүштү. Коомдук жайларда көрнөк-жарнактар туура эмес которулуп, каталар менен жазылып жаткандыгы өкүнүчтүү деп өз көз-караштарын билдиришти. Отурумду «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын окутуучулары Орозбек кызы Эльнура жана Аземова Айгүл өткөрүштү. Орозбек кызы Эльнура: «Ар бир жаран өзүнөн баштап, өз ой-пикирин кыргыз тилинде так билдирип, туура жазып-сүйлөсө – эне тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы ошол болот!» - деп студенттерди эскертти.