Бүгүн Шаршемби 21-08-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

logo

SIFE-Enactus

   SIFE — мааниси «Students in free enterprise» — «Студенттер эркин ишкердикте ». SIFE  студенттер өз окуу жайларында уюштурушат, калк үчүн пайда алып келүүчү  долбоорлорду иштеп чыгат жана жайылтат, базар экономикасына ылайыктап эркин ишкердүүлүктүн мыйзамдарын, идеяларын чагылдыруучу маселелер боюнча иш алып барышат.Ар бир  SIFE  топторунун долбоорлору уникалдуу.
SIFE  программасынын катышуучулары өз долбоорлорун жайылтууда  студенттер, окутуучулар, мамлекеттик, компаниялардын кызматкерлери үчүн маалыматтык жана таанышуу семинарларды  өткөрүшөт.
Бизнес-мекемелер менен келишимдин негизинде атайын сынактарды өткөрүшөт, кызыкдар уюмдар менен  долбоорлорду иштеп чыгууга  катышышат.

SIFE  агымынын тарыхы

     SIFE  идеясы  АКШда  70-ж., пайда болгон. 1984-ж. 18 команда АКШнын университеттеринен SIFE таймаштарына катышышкан,  10 жылдан кийин 1994-1995-ж., таймашка катышуучулардын саны   30000го 171 командага жеткен.  1994-ж. SIFE кыймылы  эл аралык деңгээлге көтөрүлгөн: Польша жана Канада командалары да катышкан. 1995-ж. баштап бул кыймылга Орто Азия өлкөлөрүнүн командалары  катыша башташкан.
2000-ж. баштылышында АКШда 700 жакын ЖОЖдун командары кошулган, андан сырткары Эл аралык таймашка 150 команда, алардын  ичинде Бразилия, Польша, Канада,Албания,Мексика,Түштүк Корея,Россия,Таджикстан,Казахстан,Өзбекистан, Украина жана Кыргызстандын командалары катышкан. 2003-ж., Германия жана Азербайджан кошулган.
Worldcup 2012 маданий жарманкенин алкагында уюмдун жаңы аталышы сунушталган.Натыйжада ENACTUS деген жаңы аталышты екабыл алышкан.
«Enactus»-  чечмелениши : «Enterpreneurshipinaction» -«ENtrepreneurial» —түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү көрө-билүү жана келекчектеги иштерден натыйжа алуу талантына үйрөтүү. «ACtion» — иштин ийгиликтүү жыйынтыгынын кепилдиги болбосо да башталган иштердин аягына чыгуу сезимин, шыгын өстүрүү , «US» — жалпы максатты көздөгөн  адамдардын тобу.
Ошентип,  Enactus программасы  жаңы аталыш менен көпчөлүк үчүн түшүнүктүү болгон мазмунга ээ болду. Enactus —өз идеяларын ишкердикти өнүктүрүп, бизнестин жана билим берүүнүн  лидерлерин  жалпы бир максатка бириктирген студентердин бирикмеси.
Программанын жаңы логотипи болуп – сары турна, классикалык оригами, бакыт жана тынчтыктын  символу.
SIFE миссиясы
Бүгүнкү жана эртеңки күндүн топ-лидерлерин бириктирип, стабилдүү бизнестин чөйрөсүн жаратуу.
SIFE философиясы
«Адамга балыкты берсең, бир күндө жеп коет, балыкты кармаганды үйрөтсөң, бүткүл жашоосунда өзүн багат».
SIFE критерийлери
1)Экономикалык системанынын иштөөсүн түшүнүү;
2)Экономикадагы атаандаштыкты динамикалуу өнүгүүсү үчүн керектүү шыктарды жана билимдерди алуу;
3)Ишкер катары бизнесте ийгиликке жетүү жана бизнести жакшыртуу;
4)Каржылык көз карандысыздыкка жетүү үчүн жеке каржыларды башкарууга жетишүү;
5)Айлана-чөйрөнү коргоого түрткү болуучу жеке жана иштиктүү чечимдерди кабыл алуу;
6) Базар экономикасынын,фирманын жана айрым бизнестеги ийгиликке жеткен ишсандын этикалык усулдарын жүргүзүүнү түшүнүү;
7)Билим берүү программаларын  команда  тарабынан өз стратегиясын ийгликтүү иштеп чыкты жана ишке ашыра алды;

Бизнестин  лидерлери

     Enactus  биздин республиканын  бизнес-лидерлеринин идеяларын өнүктүрүүдө донорлор негизги роль ойнойт, бизнес-артыкчылыкка ээ болгон бизнес-долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга көмөктөшөт. Мындай өнөктөштүк бир катар мүмүкүнчүлүктөргө жол ачат, жаңы компанияларды, жаңы ишкерлердин ысымдарын жана жана бренддерин сунуштайт.
Enactus программасы  бизнес-кесипкөйлөрдүн  маанилүү  кызыкчылыктарын жана алардын шыктарын  эске алуу менен мүмкүнчүлүктөргө шарт түзөт. Керектүү деңгээлдеги талаптарга  ылайык компаниялардын ишмердүүлүктөрүн дүйнө жүзү боюнча таанымал болушуна көмөк көрсөтөт. Бир катар компаниялар аталган программанын аркасында өз бизнес-долбоорлору тууралуу чоң мүмкүнчүлүктөргө жетишишкен.
1)Таланттууларды кызыктыруу
Enactus лидер-студенттер өз атаандаштарына  таймашуу катары  өз позицияларын коргошот, ошону  менен бирге жеке карьераларын жогорулатууга ашыгат.Бул программадагы тажрыйбалары демилгелерди өз колуна алууну, пландаштырууну, долбоорлорду түзүп жана аларды иш жүзүнө ашырууну, ар кыл кесиптин ээлери, алардын курактык айырмачылыктарына  карабастан тил табышууну  үйрөтөт. Рекрутерлер белгилегендей , Enactus студенттери окууну аяктагандан кийин ишке орношууда артыкчылыкка ээ болуп, жеке маданиятын, жеке мүмүкүнчүлүктөрүн туура сунуштай алышат.. Enactus донорлору студенттер менен  вакансиялар жарманкеси,  онлайн-кулактандыруу, ММК аркылуу байланыша алышат.


Tynchtykbekov.jpg  Тынчыбеков Улукбек Калмакбаевич
Enactus (SIFE) –KSUCTA-команданын капитаны,
КЭМИ-ЭМФ студенттик комитетинин катчысынын орун басары;
МЭ-1-11 тобунун студенти , 2011-ж. университетте Enactus (SIFE) жаңы командасын топтогон
2012-ж. National Exposition улуттук таймашка катышкан.)
Тилдерди билүүсү:кыргыз,орус, англис тилдериэркин,
.Tel:+996550778322
Facebook: UlukbekTynchybekov
E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

F:\ulukа\getImage,.m,.jpeg

 

 

 

Яндекс.Метрика