Бүгүн Шаршемби 21-08-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

                               
   Студенттерди тарбиялоо ишинин негизги максаты –жоопкерчилик, аткаруучулук милдет сезими, жогорку маданият жана моралдык сапаттары бар активдүү чыгармачыл инсан кылып түптөө.

Университетте жаштардын бош убактыларын өткөрүү үчүн:

-Жаштар борбору;

-Жаштар иштери боюнча комитет;

-Студенттик  комитет;

-Жатаканалардын студенттик кеңештери;

-SIFE UCTA  командасы түзүлгөн.

  Аталган студенттик уюмдар тарабынан маданий-агартуу иштери жүргүзүлүп, маданий жүрүштөр, экскурсиялар, майрамдык жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.  Бул уюмдар тарабынан өткөрүлгөн сынактар,көргөзмөлөр, поэзия кечелери жана талкуулар студенттердин шыгына-шык кошуп, таланттарын ачып, чыгармачылыктарын жайылтуу  чөйрөсүн жаратат.

Жаштар башкаруунун ыкмаларын өздөштүрүшүп жана маданий социалдык  жүрүш-турушту  калыптандырышат, коомдун ачыктык принциптери  жана коомдук мамилелердин демократиялаштыруусу  боюнча тарбияланышат.
Университетте заманбап жогорку маданиятуу инсан калыптанат.
Студенттер иштиктүү сүйлөшүү  ыкмаларын өздүштүрүп,  лидер, өндүрүштүн жетекчиси болууга үйрөнүшүп, искусствого тартылып, кооздукту кабыл алуу менен эстетикалык сезимдерин өстүрүшөт.

Далил катары республикабызда  белгилүү  болгон «УСТА» бий ансамбли  2005-жылы расмий мамлекеттик «Элдик коллектив» статусуна ээ болгон, 2007-жылы «Таланттар академиясы» фольклордук коллективи   мамлекеттик «Элдик коллектив»  наамына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын ШТК командалар арасында университетибиздин «Веселый строитель» командасы байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Хореографиялык жана фольклордук коллективдердин ар бир майрамдык иш-чараларда, салтанаттарда, фестивалдарда жана концерттерде көрсөткөн чыгармачылыктары  республикабыздын, университетибиздин көркөм өнөрү  жана сыймыгы  катары таанылууда.
Аталган ийримдер  бай, салттуу,  күчтүү уюм деңгээлине чейин өстү. Ар бир  студент ийримдерде өз талантын ачууга мүмкүнчүлүк алат.

Окуу топторунун кураторлору студенттердин бош убактысын уюштурат, биринчи курстун студенттерине студенттик турмушка көнүүшүнө жардам көрсөтөт.

             «Чымыр дене - чымыр руханият»

  Университетте заманбап машыгуу жабдыктары менен  жабдылган 3 спорттук комплекстер иш алып барат.
Спорттук сабактар үчүн грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, волейбол, футбол, баскетбол жана улуттук күрөш,ордо,тогуз коргоол оюндары боюнча залдар бар.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе - университеттин студенттеринин арасында эл аралык, республикалык, Ортоазиялык оюндардын, универсиада таймаштардын чемпиондору жана призерлору бар.
Биздин студенттер Эл аралык спорттук  таймаштарда  дүйнөлүк даңкка ээ болушту, алар: бир туугандар Улан жана Кутман Молдодосовдор, Камбар Токтоналиев, Замир Ашырбаев, Азамат Ногойбаев – оор атлетика , Ренат Мадиев – эркин күрөш , Автандил Анарбаев – дзю-до , Курал Ордобаев - грек-рим күрөшү ж.б.

Яндекс.Метрика