Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

"Ош кечээ, бүгүн жана эртең" эл аралык түркологдордун жана тарыхчылардын илимий конференциясы

2019-жылы 17-майдан 22-майга чейин ТҮРКСОЙ маданий уюму тарабынан 2019-жыл Азербайжандын улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүндө Имадеддин Насими жылы деп жарыялаганына байланыштуу бир катар иш-чаралар, илимий конференциялар болуп өттү.

Мындай эл аралык маанидеги иш-чарага ТҮРКСОЙ делегациясы менен бирге Н.Исанов атындагы КМКТАУнун “кыргыз тили” кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент К.М.Жумакадырова катышып, ал Кыргызстандын атынан баяндама жасады, андан сырткары өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында кыргыз-түрк тилинде маалыматтык билдирүүлөр менен жигердүү катышты.

Түрк дүйнөсүнүн 2019-жылдагы маданий борбору – Кыргызстандын Ош шаарында ТҮРКСОЙ маданий уюму тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн акындарынын жолугушуусу” аттуу эл аралык иш-чарада “Акын Сейид Имадеддин Насиминин поэтикалык изденүүлөрү” деген темада илимий макала менен иш-чараны ачып берип, ар бир жолугушууда мазмундуу баяндама жасаганы үчүн ТҮРКСОЙ тарабынан атайын диплом, ыраазычылык каты менен жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тарабынан да сыйланды.

Ош шаарында өткөн поэзия кечеси Азербайжан эл акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына арналып, Түрксой уюмунун алкагында өткөрүлдү. Түркиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Македониянын, Казакстандын, Якутиянын, Башкырстандын жана Кыргызстандын акындары ыр окуп, Имадеддин Насиминин көркөм мурасын жогору баалашты. Улуу акындын мааракеси тарыхый жашы байыркы Грециядагы даңазалуу Троя шаары менен теңдеш эң байыркы шаар-чептерден болгон ордолуу Ош шаарында белгиленгени өзүнчө сыймык болду.

XIV-XV кылымда азербайжан, фарс жана араб тилдеринде эркин сүйлөп, эркин жазган акын жана окумуштуу, философ жана даанышман, өз доорунун коомдук ишмери Имадеддин Насими - фарс тилинде жазган Низами менен Ширваниден айырмаланып, ырларын азербайжан тилинде жазган алгачкы акын.

Чыгыш поэзиясынын эң жарык жылдызы жана азербайжан адабиятынын баштоочусу Имадеддин Насиминин поэзиясы, көз караш, дүйнө таанымы жана адамдык насили, өзгөчө тагдыры менен бардык жагынан феноменалдуу жана таң каларлык. Анын чыгармалары азербайжан поэзиясына чоң бурулуш алып келген, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Конференцияга катышкандар:

1. Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны.

2. Осман Баш, DüNYADER башчысы, акын (Түркия).

3. Xайреттин Ивгин, жазуучу-акын (Түркия).

4. Айхан Насухбейоглу, мамлекеттик ишмер, акын (Түркия).

5. Кенан Чарбога, агартуучу, акын (Түркия).

6. Элчин Исгандарзаде, Техника илимдеринин доктору жана филология илимдеринин доктору, акын (Азербайжан).

7. Акиф Ахматов, акын (Азербайжан).

8. Мехмед Акиф, акын (Македония).

9. Токхир Каххаров, акын (Өзбекстан).

10. Анатолий Слепцов, акын (Саха-Якутия).

11. Xисматулла Юлдашев, акын (Башкырстан).

12. Тамара Юлдашева, акын (Башкырстан).

13. Карлыгач Жумакадырова, адабиятчы (Кыргызстан, Бишкек).

14. Бурулкан Карагулова, акын (Кыргызстан, Бишкек).

15. Өмүрбек Дөлөев, акын (Кыргызстан, Нарын).

16. Алтынай Темирова, акын (Кыргызстан, Бишкек).

17. Манап Алиев, акын (Кыргызстан, Ош).

18. Турабай Жороев, акын (Кыргызстан, Ош).

19. Маржан Ершу, акын (Казахстан, Нур-Султан).

Яндекс.Метрика