Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы КР Ички иштер министрлигинин “Динамо” спорткомплексинде КР Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 93 жылдыгына карта “Өрт колдонмо спорту” боюнча КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн арасында мелдеш уюштурулуп өткөрүлдү.

Бул мелдеште жалпысынан 13 курама команда катышты, алардын ичиинде  Бишкек шаарынын бөлүктөрүнөн 8 команда, Куткаруу кызматынан 1 команда, КМКТАУ ИКИнин “Өрт коопсуздук” кафедрасынан 1 команда, ошондой эле “ГазпромАзия” ЖЧКнын “Бишкекгаз”, “Чүйгаз”, “Севертрансгаз” түзүмдүк бөлүктөрүнөн үч команда ат салышты.

Эки күндүк мелдештин жыйынтыгы боюнча командалыктын эсепте КМКТАУ ИКИнин “Өрт коопсуздук” кафедрасынан командасы 6-орунга ээ болду. “Күжүрмөн жайылтуу” спортунун түрү боюнча кафедранын курама командасы 3-орунду ээледи. Жыйынтыгында III-даражадагы “Диплом” жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле спорттук мелдештер “ГазпромнефтьАзия” ЖЧКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн арасында “Өрт колдонмо спорту” (пожарно прикладной спорт) боюнча турнир уюштурулуп өткөрүлдү. 

Турнирге Н.Исанов атындагы КМКТАУ Инновациялык кесиптер институтунун “Өрт коопсуздук” кафедрасынын студенттеринин курама командасы конкурстан тышкары катыштып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Улуу Ата Мекендик согуштун 74-жылдыгына карата КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 2-3-майында мини футбол жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мелдешке Н.Исанов атындагы КМКТАУ Инновациялык кесиптер институтунун “Өрт коопсуздук” кафедрасынын студенттеринин курама командасы катышты. Мини-футбол боюнча кафедранын курама командасы финалга чыгып IV орунду ээледи.

Иш-чараларга катышуу максаты - студенттер арасында тарбия иштерин жүргүзүү жана “Өрт коопсуздук” кафедрасынын студенттерин КР ӨКМнин Өрт колдонмо спорту боюнча республикалык чемпионатка катышууга даярдоо. 
Жыйынтыгында I, II, III жана IV даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

 

“Өрт коопсуздук” кафедрасы

 

Яндекс.Метрика