Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2019-ж. 8-майда Н.Исанов ат. КМКТАУнун жетекчилиги жана студенттери Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүштү.

Жыл сайын жеңиш күнүндө КМКТАУнун профессор-окутуучулары жана студенттери ЧЖЗ чогулушуп, ардагерлерди куттукташып, акчалай жана башка белектерди тапшырышат. Аталган майрамдык иш-чара согуш мезгилинде кайтыш болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Куттуктоо сөзү менен КМКТАУнун ректору, т.и.д.профессор Абдыкалыков А.А., чыгып сүйлөдү:

«Жеңиш күн – биздин өлкөбүздөгү бардык жарандар үчүн ыйык майрам. Согуштан кийинки жылдары бир нече муундар өсүп-жетилсе да согушта кайтыш болгондорду эскерүү – бул биздин милдет, алардын элестери биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталып келет. Бүгүнкү күндө биз ардагерлерге кам көрүп жана келечекте аларды унутпашыбыз керек. Биздин ушул ачык асманыбыз үчүн ыраазычылык билдирүү менен терең таазим кылабыз...».

Андан соң 95 жаштагы согуш ардагери, жол тармагынын эмгек сиңирген куруучусу Гасанов Асад Гасанович сүйлөдү: «Мен согушта Ставрополь аймагынан баштап Ростов жана Брянск областарында, ошондой эле Берлинге чейин айыгышкан салгылаштарда катыштым. Биздин жердештерибиздин: Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлебердиев жана 28 панфиловчулардын эрдиктерин унутпайбыз. Биз көргөн апаат күндөрдү эч кимге каалабайбыз... Мен Жеңиш күнүнөн кийин, тагыраак айтканда эки жылдан кийин, 1947-жылы Фрунзе шаарына кайтып келдим. Кыйраган айыл-чарбаны калыбына келтирүүгө катыштым, андан соң Фрунзедеги индустриалдык техникумга өттүм жана аны 1950-ж. аяктадым. 1960-ж. Московадагы инженердик-курулуш институтун аяктадым. Мен өз турмуш жолумда Кыргызстандын автотранспорт жана жолдор министри Кусеином Кольбаев менен жолуккандыгыма абдан ыраазымын. Мен окутуучулардын иштерине ийгилик жана студенттерге окууларына жетишкендиктерди, мыкты адис болууңарды каалайм».

Майрамдык иш-чара чыгармачыл студенттердин концерттик программасы менен аяктады.

 

Яндекс.Метрика