Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2019-жылдын 24-апрелиндеги Н.Исанов атындагы КМКТАУнун  жетекчилиги жана жамааты «Казахстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» АКнун өндүрүш боюнча башкаруучу директору Шокбаров Ералы Мейрамбековичти кызуу тосуп алышты.

Университеттин ректору, т.и.д., профессор Акымбек Абдыкалыкович Абдыкалыков:«Биздин университет «Казахстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долборлоо институту» АК менен көп убакыттан бери кызматташып, курулуш, архитектура тармактары боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө. Биздин окумуштуулардан сырткары, аспиранттар жана студенттер менен кызматташканыз үчүн ыраазычылык билдирем»-деп белгиледи.
Университеттин Окумуштуулар кеңешинин бир добуштан чечими менен «Казахстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долборлоо институту» АКнун өндүрүш боюнча башкаруучу директору Шокбаров Ералы Мейрамбековичке «Н.Исанов атындагы КМКТАУнун  ардактуу профессору»  сертификаты жана профессордун мантиясы тапшырылды.

 

Яндекс.Метрика