Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2019-ж. 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Ж.Баласагын атындагы КУУ менен биргеликте Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык «Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылгандыгынын 30 жылдыгына» карата өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча олимпиада 15 жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда болуп өттү.


Аталган олимпиадага Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен 2 студент катышты, алар:
1) Карыбек кызы Нурай ПИ-1-18 тобу (1-курс) Жаңы маалыматтык технологиялар институту, “Долбоор коргоо” тапшырмасы менен;
2) Жусупова Айзат КЛ-1-18 тобу (1-курс) Жаңы маалыматтык технологиялар институту, “Дил баян жазуу жана көркөм окуу тапшырмасы менен катышышты.
Катышуучулардын билим деңгээлин, жөндөмүн, дараметин, даярдыгын ар тараптан баалоо үчүн:

  • Рысбаев Сулайман - Билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, п.и.д., профессор (төрага);
  • Курбанов Раимжан - “Кыргыз тили” коомунун төрагасы;
  • Толукбаева Сезим - КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси;
  • Турдуева Азиза - КРдин Президентинин Аппараты алдындагы “Мурас” фондунун эксперти;
  • Айгүл Качкынбай кызы - УИАнын Ч.Айтматов  атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуу катчысы;
  • Исакова Мавлюда - КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкы адиси;
  • Ниязалиева Элвира- Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы калыстар тобунун курамына киргизилген.

Олимпиаданын жалпы жыйынтыгында:
Карыбек кызы Нурай (жетекчиси– ф.и.к., доц. Сулайманкулова Мээрим Бекболотовна) “Долбоор коргоо” тапшырмасы боюнча 3-орунду ээлеп, III даражадагы диплом жана Меңди Мамазаированын “Аймаран” аттуу жаңы басылып чыккан романы менен сыйланды;
Жусупова Айзада (жетекчиси – окут.Курманалиева Күмүшай) олимпиадага жигердүү катышкандыгы үчүн атайын сертификат менен сыйланды.

 «Кыргыз тили»  кафедрасынын
доценти, ф.и.к., М.Б.Сулайманкулова

Яндекс.Метрика