Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

ФПИ-КМКТАУда инженер-куруучуларды жана архитекторлорду даярдап баштагандыгына 65 жыл.

2019-ж. 25-26-апрелинде Н.Исанов ат. КМКТАУ Кыргызстандагы  алдыңкы  курулуш ЖОЖу катарында КР аймактарын өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына, ФПИ-КМКТАУда инженер-куруучуларды жана архитекторлорду даярдап баштагандыгынын 65 жылдыгына арналган «Замандын чакырыгы: курулуш тармагын инновациялык өнүктүрүү, аны санариптештирүүнүн жана стандартташтыруунун көйгөйлөрү»  эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
КМКТАУ - инженерлерди, менеджерлерди жана архитекторлорду даярдоочу флагман катарында даңктуу тарыхын 1992-ж. КАКИ катары, 1998-ж. КМКТАУ катары кесиптик билим берүүнүн туусун сыймыктуу көтөрүп келүүдө. 2008-ж.университетке эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган.
Университет  65 жыл ичинде улуттук жана эл аралык таанымалдуулукка жетише алды, буга Россиянын, Германиянын, Австриянын, Индиянын, Швециянын, Нидерландынын, Эстониянын, Франциянын, Улуу Британиянын, АКШнын, Кытайдын, Таиланддын, Иорданиянын, Турциянын, Түштүк Кореянын ж.б. ЖОЖдору жана илимий борборлору менен узак мөөнөттөгү кызматташуу тууралуу түзүлгөн келишимдер күбө. 2011-жылы КМКТАУнун ректору университеттердин Европалык Хартиясына кол койгон.
КМКТАУ  TEMPUSтун 11 долбоорунун, ERASMUS+ 4 долбоорунун, Европалык Комиссиянын ТАСИС  2 долбоорунун, ошондой эле ДААД программасынын 5 долбоорунун жана Германиянын Фольксваген Фондусунун 5 долбоорунун, Австрия өкмөтүнүн 3 долбоорунун,  Индия жана АКШ ж.б.  – 2 долбоорунун аткаруучусу.
Эл аралык конференциянын ишине:

  1.  КР ЖК депутаты, КРнын ЖКнин бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Токтошев Эмиль Токтакунович;
  2.  КР ЖК депутаты, КРнын ЖКнин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эргешов Алмазбек Манасбекович;
  3. КР  каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич;
  4. КР улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Оросбаев Азамат Токтогонович;
  5. "Лира сервис" ЖЧКнын башкы инженери Водопьянов Роман Юрьевич  (Москва ш., РФ);
  6. «Казахстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» АКнун өндүрүш боюнча башкаруучу директору Шокбаров Ералы Мейрамбекович;
  7. КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экспертизациялоо департаментинин директору Арабеков Сүйүнбай Токтосунович;
  8. КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Сыдыков Аскатбек Жамгырчиевич;
  9.  Сейсмотуруктуу курулуш боюнча Эл аралык эксперттер Ассоциациясынын президенти, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору  Бегалиев Улугбек Турдалиевич;

 

Конференциянын расмий ачылышына чейин ардактуу коноктор университеттин илимий-техникалык потенциалын чагылдырган маалыматтык такталар,   макеттер, экспонаттар, долбоорлор, ошондой эле  жетишкендиктери үчүн сыйланган белектер жайгаштырылган көргөзмө залына экскурсия кылышты.  Экскурсиядан кийин электрондук китепканада жана Санариптештирүү борборуна багыт алышты. Андан соң  коноктор  Лира борборунун ачылышына катышышты. Лира борборунун  ачылыш аземинде университеттин ректору, т.и.д., проф. Акымбек Абдыкалыкович Абдыкалыков: Бүгүнкү күндөгү студенттердин жана магистранттардын ушундай заманбап программалык продукт менен колдонууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар деп өзгөчө белгиледи. Алган билимдерин практикалык колдонуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Лира программасы эң жөнөкөй алкактан баштап стадиондор, аэропорттор сыяктуу татаал курулуштарды, бийик имараттарды жана курулмаларды  моделдөө жана эсептөө үчүн багытталган.  Сезимтал түшүнүктүү интерфейс менен курулуш конструкцияларын эсептөөнүн так жана заманбап аспабы, кабыл алынган конструктивдик чечимдердин ишенимдүүлүгү тууралуу тез жооп алууга мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары коноктор  статикалык жана динамикалык таасир берүү сыноолор жүргүзүлүүчү чоң аянтта пресстик жабдык жайгашкан курулуш конструкцияларын сыноо боюнча лабораторияга жана Борбордук Азия боюнча жалгыз сейсмотуруктуу курулуш тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү сейсмоплатформага назар салышты.
Конференциянын пленардык отуруму университет тууралуу жаңы тартылган видеоролик менен башталды, андан соң университеттин ректору, профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович чыгып сүйлөдү: "Урматтуу коноктор, кымбаттуу кесиптештер! Биздин алдыбыздагы турган маанилүү маселе - компетенттүү  жогорку квалифициядагы адистерди даярдып чыгаруу. Ал үчүн  университетте  адистерди максаттуу даярдоо ишке ашырылууда,  анткени окуу жайыбызды мындан ары өнүктүрүү планы, түптөлгөн система жана илимий потенциалы бар.Учурдагы билим берүү мезгил талабына ылайыкташып, окуу пландарын жаңылап, жаңы маселелерди чечүүгө умтулушу керек. Ушундай иш-чаралар башка билим берүү мекемелери, борборлор, жумуш берүүчүлөр, ошондой эле тармактык ишканалар менен диалог түзүүгө өбөлгө болот - ошондуктан биз бүгүн чогулуп отурабыз..."

Токтошев Эмиль Токтакунович - КР ЖК депутаты, КРнын ЖКнин бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы;

Водопьянов Роман Юрьевич - Лира сервис" ЖЧКнын башкы инженери, (Москва ш., РФ);

Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - КР каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы

Шокбаров Ералы Мейрамбекович - «Казахстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» АКнун өндүрүш боюнча башкаруучу директору

Арабеков Сүйүнбай Токтосунович - КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экспертизациялоо департаментинин директору;M

Сыдыков Аскатбек Жамгырчиевич - КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору

Оросбаев Азамат Токтогонович - КР улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары

Бегалиев Улугбек Турдалиевич - Сейсмотуруктуу курулуш боюнча Эл аралык эксперттер Ассоциациясынын президенти, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору чыгып сүйлөдү

 

Пленардык отурум  чыгармачыл студенттердин концерттик программасы менен соңуна чыкты. 
Күндүн экинчи жарымында жана  26-апрелде конференциянын катышуучулары төмөнкүдөй актуалдуу багыттар боюнча баяндамаларды талкуулашты. (секциялар боюнча):
Секция 1. Курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын ишенимдүүлүгү жана  узакка кызмат кылуусу.
Секция 2. Табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын-алуу жана азайтуу, инфраструктарын коргоо.
Секция 3. Курулуш индустриясындагы инновациялык экономика:бааны түзүүнүн көйгөйлөрү, инвестициялар, электрондук бизнес, менеджмент системасы.
Секция 4. Курулуштагы маалыматтык системалар жана технологиялар.
Секция 5. Транспорт жана экология.

Конференциянын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, резолюция кабыл алынды, ал эми катышуучуларга уюштуруу комитети тарабынан сертификаттар тапшырылды.

 

Яндекс.Метрика