Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2019-ж. 2-апрелде Н.Исанов ат.КМКТАУда 2019-ж. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын «Жигер» чыгармачыл борборунун жаш акын-жазуучулары өз өнөрлөрүн «Поэзия кечеси» деген аталышта тартуулашты.

Аталган иш-чараны университетибиздин «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевна ачып берди. Андан соң КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө К.Кадыракунов: «Байыртадан бери биздин эл сөз кадырын баалаган, ар бир сөзгө маани берип, айтылган сөздүн өзөгүн терең түшүнө билген. Бүгүн биз жаш, өнөрлүү акындардын жараткан ыр саптарына күбө болмокчубуз. Мындай поэзия кечеси техникалык багыттагы окуу жайда өтүп жатса да сиздердин араңардан да сөзсүз түрдө чыгармачылык менен алектенгендер суурулуп чыгарына мен ишенем...»

Поэзия кечесинин программасы ар түрдүү тематикага арналып, өз ырааты менен шаңдуу тартууланды. Жаш авторлор алгач балалыкка, андан соң өспүрүм куракка, студенттик күндөргө арналган, айрыкча Ата Мекенге, ата-энеге арналган ыр саптарын өзгөчө эмоция менен поэзия күйөрмандарына тартуулап жатышты. Ыр окуудан сырткары поэзия кечеси обондуу ырлар менен да коштолду.

 

Яндекс.Метрика