Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

Ардактуу кесиптештер жана студенттер!

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, КР ЖОЖнун ректорлор Кеңешинин төрагасы, Эл аралык транспорт академиясынын академиги, Казахстандын Сапат менеджмент академиясынын академиги, КМШнын Эл аралык курулуш ЖОЖнун Ассоциация башкармалыгынын вице-президенти, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, Мустафа Кемаль Ататүрк эл аралык фондусунун алтын медалынын ээси, КР илим жана техника тармагынынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, техникалык илимдердин доктору, профессор - Абдыкалыков Акымбек  Абдыкалыкович.

Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жана жазгы жанданууну жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон  Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм!
Жыл сайын жазында бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды.
Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо- тилектериңиздер ишке ашышына тилектешмин. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде  токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.
Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин!
Бул күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!
Кыдыр даарыган Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!

http://ifs.cook-time.com/preview/img27/27099.jpg

 

 

 

 

Яндекс.Метрика