Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

  Ректордун жаңы жылдык куттуктоосу 

3Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, Эл аралык курулуш ЖОЖнун Ассоцияциясынын вице-президенти , КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, КР илим жана техника тармагы боюгча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, техникалык илимдердин доктору, профессор – АБДЫКАЛЫКОВ АКЫМБЕК АБДЫКАЛЫКОВИЧтин куттуктоосу.

 

 

 

 

 

 

КЫМБАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР ЖАНА СТУДЕНТТЕР!

        

Сиздерди келе жаткан 2019-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чын ден-соолук,узун  өмүр, иштериңизге ийгилик, үй-бүлөөдөгү  ынтымак-ырашкерликти каалайм.
Жааматтык биримдик, бири-бирибизди колдоо менен эриш-аркак эмгектенүүбүз өз үзүрүн берип келүүдө. Андыктан 2019-жыл биздин жааматыбыз жана студенттерибиз үчүн жаңы жетишкендиктердин, ачылыштардын, биргелешкен эмгектин алгылыктуу натыйжаларын көрүп, жаңы демилгелерге жаңы күч-дем менен жаңы ачылыштарга жетишүүгө данакер болуп, пайдалуу иштерибиз жаңы кадамдарга жол ачсын.
Келе жаткан жаңы жыл сиздер үчүн ийгиликтин, молчулуктун, эл ичиндеги ынтымактын, журтубуздун өркүндөп өсүү жылы болсун.

Жаңы жылыңыздар менен!

 

 

Яндекс.Метрика