Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж. 13-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Кыргыз тили» кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  «Доордун үнү, доордун чындыгы – Ч.Айтматов 90 жашта» деген аталышта студенттер арасында таймаш  болуп  өттү.  

ТБ-1-18 окуу тобунун студенттери «Ак кеме» жана «Кызыл алма» деп  өз ара 2 командаларга бөлүнүп,  даярдалган программаларын тартуулашты. Алгач саламдашуу, андан соң  «Үйгө тапшырма» деген аталыш менен Ч.Айтматовдун өмүр жана чыгармачылыгы боюнча презентация көрсөтүштү.  Ал эми «Сыр куржун» сынагында студенттер  берилген суроолорго так жооп бергенге болгон аракеттерин жумшап, биринин жообун экинчиси толуктап,  жигердүү өттү.
Иш-чаранын  жүрүшүндө  студенттерибиз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар  баарыбызды  чындыкка, тазалыкка, адамгерчиликке үндөгөн терең ойлору менен түбөлүктүү болуп, доордон доорго уланып, бизди күн сайын «АДАМ» болууга чакырган үнү кылымдарга сакталып кала бермекчи деп белгилешти. 
Иш-чаранын соңунда  «Кыргыз тили» кафедрасы тарабынан  жеңүүчү деп аныкталган «Ак кеме»  командасына атайын грамота тапшырылды.

            Ушул эле күнү «Кыргыз тили» кафедрасынын окутуучу Сартбай кызы Гүлзаттын жетектөөсү менен АРХ-1-18 окуу тобунун студенттери  «Аалам алпы Чыңгыз Айтматов  90 жашта» иш-чарасын өткөрүштү. Аталган иш-чарага КМКТАУнун мамлекеттик тил, тарбия иштери жана эл аралык кызматташуу боюнча проректор, т.и.к., доц., Абылов С.А. жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин катчысы, т.и.к., доц., Раджапова Н.А. катышышты.
Ачык сабактын жүрүшүндө студенттер  Ч.Айтматовго арналган автордук  ырларын тартуулашты,  андан  соң «Айтматов ааламын» видео-фото  презентацияларын сунушташты.

 

Яндекс.Метрика