Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж. 11-декабрда Н.Исанов ат.КМКТАУда Жаштар борборунун «Арт-Мурас» студиясы тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Акындар даңктайт ыр менен» деген аталыштагы адабий-поэзия кечеси өткөрүлдү.

Аталган кече Ч.Айтматовдун чыгармаларынна түзүлгөн театралдык композиция менен ачылып, андан соң кыргыз жана чет элдик акындардын калемине таандык жазуучунун чыгармаларына арналып жазылган ырларды биринин артынан бири ыр саптары менен өз образдарын көрүүчүлөргө тартуулап жатышты. Ар бир ыр саптары Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдерден алынган үзүндүлөр менен коштолду.

Биздин чыгармачыл «артист-студенттерибиз» ар бир каармандын образдарын жеткиликтүү көркөм чагылдырып берүүгө аракет жасашты, айрымдары кесипкөй «актер» сымал ыр саптарын жогорку аткаруучулук деңгээлде тартуулашты.

 

Яндекс.Метрика