Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж.,14-ноябрында А.Малдыбаев ат. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Биринчи курстун студенттерине арноо-2018» иш-чарасы болуп өттү.

 Салтанаттын программасы лирикалык «Куштар бийи» менен ачылып, андан соң 7 институттун жана колледждин парады менен улантылды. Көрүүчүлөр өз институттарынын өкүлдөрүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп, тосуп алып жатышты. Билим алуунун симводорунун фонунда биринчи курстун студенттеринин салтанаттуу ант беришти.

Өз куттуктоо жана насаат сөзү менен университетибиздин ректору, т.и.д. проф. Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович чыгып сүйлөп, символкалуу ачкычты ГС-2-18 т. студенти Капарова Мээримге жана студенттик билетти Д-1-18 т. студенти Жамангулова Камилага тапшырды. Ал эми стейкхолдердин атынан «Авангард-стиль» курулуш компаниясынын генералдык директору Минкеев Эрнис Ихсанович куттуктап, символикалуу сынак китепчени СДМ-1-18 т.студенти Жумакадыров Аскарга тапшырды.

Университетибизде салтка айланган 1-курстун студенттеринин арасында «Жашообуз болсун ыр менен-2018» - фестиваль-сынагынын жыйынтыгы боюнча жеңише ээ болгон чыгармачыл топторго ректор А.А.Абдыкалыков дипломдорду тапшырды, алар: 1-орун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери; 2-орун Архитектура жана дизайн институту; 3-орун Транспорт жана экология институту жана КМКТАУнун колледжи.

Ошондой эле программанын жүрүшү ар түрдүү стипендияларды, сыйлыктарды тапшыруу менен коштолду, атап айтсак:

  • 2016-жылдан бери  КМКТАУда Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев атындагы стипендия “Кара-Кулжа ынтымагы” коомунун өкүлдөрү тарабынан негизделип, кыргыз тилин мыкты билген жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышкан студенттерине, магистранттарына тапшырылып келүүдө. Быйыл да аталган коом 6 стипендияны төмөндөгүлөргө ыйгарды: Самидинова Айгерим (ПМ-1-16 т.студенти); Нурбек кызы Айдана (ХПК-2-18 т.с.); Канатбекова Нургүл (ДАС-3-15 т.с.);  Курмашева Бегимай (ТББ-1-18 т. магистранты); Капарова Айзада )СТСЭ-1-17 т. м.); Бектмир кызы Атыркүл ПОм-1-17 т. м.);
  • Транспорт жана экология институтунун 2008-ж. бүтүрүүчүлөрү  мыкты окуган жана институттун коомдук иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн атайын  “СДМ бүтүрүүчүлөрүнүн”стипендиясын  ыйгаруу чечимин кабыл алышкан. Алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык инспекциясынын ага инспектору Телтаев Рахатбек Замирбекович;  Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББ кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору Султаниязов Айбек Жетимишович;Автомобилдер жана автомобиль чарбасы адистигинин бүтүрүүчүлөрү: МАИБ ага инспектору  Бакиров Бакыт Калыгулович; Байыс уулу Изатбек; Обонов Азамат  ИНТРАНСЭКОнун төмөндөгү студенттерине: Жумакадыров Аскарга (СДМ-1-18 т.с.);  Самудинов Бектурга (СДМ-1-17 т.с.); Салимбаева Гүлзатка (Аи АХ1-18); Асангазиев Нурисламга  (А АХ-1-17т.с.); Жолочиев Бекболсунга  (АС-1-17 т.с.) тапшырышты.
  • ФПИ-КАКИ-КМКТАУ жумуш берүүчү-бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын стипендиялары  окуудагы өзгөчө  ийгиликтери жана университеттин коомдук жигердүү үчүн негизделген. Аталган стипендияны  “Ниет Курулуш” ЖЧК директору Мамбетова Айнура Эсенкурмановна төмөндөгү студенттерге Асанова Жибекке (МО-1-16 т.с.); Сагынбек уулу Бексултанга (ЭУПк-1-17 т.с.); Орокеева Даткайымга (Дк-1-17 т.с.)  тапшырды.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунун уюштурууда КМКТАУнун студенттери, кызматкерлери активдүү катышкандыгы үчүн  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмери, улуттук консерваториянын режиссура-хореография кафедрасынын доценти,  балетмейстер Молдобакиров Зарылбек Алдажарбекович  ыраазычылык  каттарын: “УСТА” элдик бий ансамблинин жетекчиси Хаджиева Наргизага; Жаштар борборнун башчысы Койчуманова Акылайга; вокалдык студиянын жетекчиси Абдрахманов Доорбекке тапшырды.

 Студенттерибиздин чыгармачылыгын баамдап отуруп, дагы бир ирет биз алардын келечекте мыкты куруучу, жол салуучу, архитектор, экономист жана программист гана болбостон, ошондой эле мыкты бийчи, ырчы жана көркөм окуган чыгармачыл инсан болооруна күбө болдук.

 Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан бардык катышуучулар биринчи курстун студенттерине өз студенттик күндөрүн көңүлдүү жана мазмундуу өткөрүү керектигин көрсөтүп беришти.

Яндекс.Метрика