Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж. 6-ноябрда Н.Исанов ат.КМКТАУнун № 1-2 жатаканаларында кубанычтуу окуя болуп өттү.

Аталган 2 жатаканаларда жүргүзүлгөн оңдоо иштеринен кийин 1ден 4-кабаттарда жайгашкан ашканалар заманбап эмеректер менен жабдылып, өз эшиктерин ачты. Ар бир ашкана тамак даярдаганга ылайыкталган атайын мештер, микротолкундуу мештер, шкафтар, кесүүчү тактасы бар шкафтар, үстөлдөр жана муздак-ысык суу аккан раковина менен жаңыланган. Жаңыланган ашкананын ачылышын университеттин ректору, т.и.д., проф.Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович символикалуу кызыл тасманы кесүү менен ачып берди. Ректор өз куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Жатаканага келгендер ток болсун, маанайы жок келгендер көңүлдүү кайтышын. Мен да студент кезимде жатаканада жашагам, студенттик жашоонун жакшы билем. Андыктан бүгүнкү түзүлүп берилген шарттар биздин студенттер үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу болсун. Бул оңдоо иштери жана түзүлүп берилген шарттар жалаң гана университеттин өздүк каржылоосунун эсебинен жүргүзүлдү. Ошондуктан жаңы шарттарга аяр мамиле кылып, көпкө колдонгула, тазалыкты жана тартипти сактагыла. Жакшы шарттарда жашаган студент окуусун жакшы өздөштүрүшү керек, мыкты окуп, ийгиликтерге жетишкиле».

Нишанова Жамийла Маматалиевна - №1 –жатакананын коменданты:

Мен бул кызматта 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатам, биз көптөн бери күтүп жүргөн аракеттерибиз бүгүн минтип ишке ашып отурат. Жатакананын ар бир кабатында ашканалар ачылды. Мурда студенттер өз бөлмөлөрүндө даярдап келишкен болсо, эми жалпы чоң, жарык, шарттары бар ашканада өз тамактарын даярдашмакчы. Студенттерибиз аябай кубанып атышат, университетибиздин жетекчилигине чоң ыраазычылык билдиребиз

Турасан уулу Орозбек – АДИнин ДАС-1-16 тобунун студенти, № 2 –жатакананын студенттик кеңештин төрагасы;

Бизде бүгүн өзгөчө күн, көптөп бери кыялданып күтүп жүргөн күн – биздин жатаканаларбызда ашканалар заманбап шарттар менен кайрадан ишке берилип жатат. Жаңы ашканабыз заманбап эмерек, жабдуулары менен камсыз болгон. Биз университетибиздин жалпы жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

 

Яндекс.Метрика