Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

1990-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыяланган.

Эл аралык карылар күнүнө карата Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректораты, эмгек жамааты, профкому жана студенттери улуу муунга өз урмат-сыйын көрсөтүү максатында салтанаттуу иш-чара өткөрүштү. Аталган иш-чара жылуу куттуктоолор, чакан концерттик программа менен коштолду.

Алгач куттуктоо сөзү менен университеттин ректору, т.и.д., проф. Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович, андан соң эмгек ардагерлери Ниязов Шавхат Фаизович жана Абдыкеримова Калиман өз насаат сөздөрүн жолдошту.

Университеттин администрациясы тарабынан учурда иштеп жаткан пенсионерлерге премиялар берилди, ал эми профком тарабынан мурда иштеп кеткен пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Яндекс.Метрика