Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж. 9-июлдан 27-июлга чейин Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Немец тили жана табийгый илимдер»- аталыштагы  онунчу Борбордук Азиялык жайкы мектеби өтүүдө.

Жайкы мектептин максаты - табийгый илимдердин контекстинде немец тилин терең өздөштүрүү. Жайкы мектеп эл аралык макамга ээ, анткени уюштуруучулар тарабынан өткөрүлгөн тесттирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Тажикстан, Казахстандан, быйыл Өзбекстандан кошулган  ззэндүү окуучулар тандалып алынып, келечекте окууларын немең тилинде техникалык жана табийгый илимдер факультеттеринде уланта алышмакчы.
Жайкы мектептин расмий ачылышы 9-июлда КМКТАУнун  чоң жыйындар залында болуп өттү. Аталган иш-чарада: А.А.Абдыкалыков - ректор, д.т.н., проф.; Жолболдуев П.Б. – КЭжЧИ б-ча проректор, т.и.к., доцент; Иря Берк – Кыргыз Республикасындагы Германия элчисинин орун басары;  Франциско Шлетиг –PASCH (Мектептер:келечектеги өнөктөштөр) долбоорунун координатору;  Гутзат  Бербел –Zfa лектору (Чет өлкөлөрдөгү мектептердин борбордук башкармалыгы) чыгып сүйлөштү.
Жайкы мектептин иш алып баруусунда: математика, информатика, физика, немец тилинен сабактар жана ар түрдүү ийримдер өткөрүлөт. КГКИИ студенттери тарабынан ар түрдүү маданий иш-чаралар пландаштырылган: Бишкек ш. эс алуу жайларына экскурсиялар, жүрүштөр жана ар түрдүү оюндар,тренингдер уюштурулмакчы.

 

Яндекс.Метрика