Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу алдыңкы студенттерди тандап алуу максатындагы сынак башталды.

Президентке караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу, илимий-чыгармачылык жана коомдук-маанилүү иште өзгөчө айырмаланган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча сынакка документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ага мамлекеттик жогорку окуу жайлардын күндүзгү окуу бөлүмүнүн мыкты бааларга окуган бакалавриат программасы боюнча 3-курстун, ал эми 5 жылдык жана андан ашык программа боюнча 4-курстун студенттери, конференциялардын катышуучулары, сынактардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, изилдөө ишин активдүү жүргүзгөн студенттер катыша алат. Ал эми бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик стипендиянын ээлери социалдык абалына карата (бала кезинен ата-энесинен ажыраган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген) аныкталат.

Тиешелүү документтер 30-июнга чейин кабыл алынат; суроолор б-ча № 1 окуу имараты 211 бөл.

 

Яндекс.Метрика