Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

2018-ж., 1-июнда Н.Исанов ат. КМКТАУнун Архитектура жана дизайн институтунун «Философия жана социалдык-гуманиатрдык илимдер» кафедрасынын улук окутуучусу Абдрешова Нейля Саулеевнанын демилгеси жана жетекчилиги менен университетибиздин студенттери Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүүчү «Жүрөктөн жүрөккө-2018» аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Быйылкы жылдагы кайрымдуулук акциянын айырмачылыгы – уюштуруучулар мурдагы форматты өзгөртүп, Бишкек шаарындагы «Ата-Түрк» эс алуу паркында өз чыгармачыл иштерин (сүрөттөрүн,бижутерия, кийиз буюмдарын, тамак-аш даамдарын) сатып, акча-каражаттарын топтошту. Чогулган 12 000 сом балдар үйүнүн спорттук аянтчасына жылгаяк сатып берүүгө жумшалмакчы.

 

Яндекс.Метрика