Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен!

3

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору,  КР инженердик Академиясынын академиги, Эл аралык транспорт академиясынын академиги, Казахстандын Сапат менеджмент академиясынын академиги, Эл аралык курулуш ЖОЖнун Ассоциация башкармалыгынын вице-президенти, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери,  КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, техникалык илимдердин доктору, профессор - Абдыкалыков Акымбек  Абдыкалыкович.

 

        Ардактуу ардагерлер, кымбаттуу кесиптештер, студенттер!

     Бардыгыбыз ыйык туткан Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын белгилөө менен Советтик жоокерлердин эрдигин, ооруктагылардын күжүрмөн эмгегин, курчоодо калган Ленинграддын кайратмандарын, фашисттик лагерлердин туткундарын  эскерүү менен таазим кылып, бизге  тартуулаган ЖЕҢИШ күнүнө терең ыраазычылык билдиребиз. Бизге - Улуу жеңиштин урпактары үчүн бул согуштун сыноолору тарых барактары гана болбостон, ошондой эле кайратмандыктын, биримдиктин далили  катарында дайыма өрнөк болмокчу. Биз,  ардагерлердин эрдиктерин унутпайбыз, аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз.
Жеңиш күнүңүздөр менен!                        

     Улуу Жеңиш күнгө арналган иш-чара  2019-ж. 8-майда саат 11:00 дө университеттин ЧЖЗда  өткөрүлөт.

      

Яндекс.Метрика