Индия-Кыргыз маалыматтык технологиялар борбору
Миссиясы
Борбордун миссиясы - Кыргызстандын билим берүү тармагын өзгөтүү үчүн квалификациялуу кадрларды сунуштоо.
 
Максаттары жана маселелери:

  • Программалык камсыздоого окутуу жана иштеп чыгууда жогорку чеберчилик Институту болуу жана билим берүү чөйрөсүнө салым кошуу;
  • Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке орношууга шарттарды түзүү;
  • Республикабызга инвестицияларды тартуу үчүн компьютердик технологиялар тармагы боюнча жогорку класстагы кесипкөйлөрдү даярдоо жана экспорт жолу менен кирешени көбөйтүү;
  • кыска мөөнөттөгү компьютердик курстарды өткөрүү;
  • мамлекеттик кызматкерлерди маалыматтык технологияларга окутуу;
  • дизайнга окутуунун жана программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жаңы усулдарын киргизүү;
  • маалыматтык технологиялар тармагынын бакалаврларын жана магистрлерин даярдоонун жаңы багыттарын ачууга жана окуу процессинин жогорку денгээлин камсыздоого көмөктөшүү.

Тарыхый маалыматтар
Кыргызстан жана Индия ортосундагы достук мамилелердин өнүгүү белгиси катары жана Индия Өкмөтүнүн маалыматтык технологиялар боюнча билимди жайылтуу үчүн 2006-ж., 20-мартында Индия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөр аралык өз ара түшүнүү жана «Индия-Кыргыз маалыматтык технологиялар борборун» түзүү тууралуу Меморандумга кол коюлган. Меморандум 2007-ж.,28-апрелинде КР Жогорку Кеңеши тарабынан был ратификацияланган. Индия-Кыргыз маалыматтык технологиялар борборун түзүү (ИКМТБ) үчүн Индия өкмөтү  1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө грант бөлгөн жана Кыргызстан борбор үчүн 500 миң АКШ долларын  бөлгөн.
ИКМТБнун расмий ачылышы 2007-ж., 15-августунда Индия Республикасынын эгемендүүлүк күнү жана Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет-катышуучуларынын  Саммит күндөрүндө ачылган.

1

ЖУМАЛИЕВА ГУЛИРА ЭДИЛБЕКОВНА

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ЖМТИнин Индия-Кыргыз маалыматтык технологиялар борборунун директору.(0,25 жүк).

Байланышуу:e-mail:  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. , тел.: (0312) 54-56-66

Билим берүү, илим жана инновациядагы ишмердүүлүгү
ИКМТБ: «Программалык камсыздоо технологиясы» жана «Компьютердик тиркемелердеги шыктар» багыттары боюнча квалификациясын жогорулатуу курсун жүргүзүүгө  КР билим берүү жана илим   министрлигинин лицензиясын алган. Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга  ИКМТБ сертификаттары берилет.


Даярдоо багыты

Сунуштоо курстары

Мамкызматкерлердин стажировкасы

Компьютер жана технологиялар түшүнүгү

Web-сайтты иштеп чыгуу

Linux маңызы

Программалык камсыздоонун технологиясы. ЖОЖдун окутуучуларынын стажировкасы

Мультимедиа  колдонуу менен Web-сайтты иштеп чыгуу

Open Source Technologies (OST)

Мультимедиа адиси

MCSE

MCDBA

Linux адистиги

Java адистиги

Графика жана  басып чыгаруу боюнча адис

Компьютердик тиркемелердегишыктар

Компьютердик технологиялардын негизи

Web-сайтты иштеп чыгуу

Мультимедиа  колдонуу менен Web-сайтты иштеп чыгуу

Графика жана басып чыгаруу боюнча адис

Эл аралык, мамлекеттик жана башка инновациялык долбоорлор, эл аралык байланыштар жана кызматташуу

2008 –ж., июнунда  КМКТАУнун делегациясы - курамында КМКТАУнун ректору профессор  Абдыкалыков А.А.,  ЖМТИнин директору Укуев Б.Т. жана ИКМТБ директору Каримбаев Т.Т.  Индияга расмий сапар менен барышып кызматташуу келишимине кол коюшкан: И.Ганди  атындагы IGNOU ачык университети (Дели ш.,), с IIIT-B Университети (Бангалор ш.,), IT-борбору  INFOSYS (Бангалор ш.,).
VIT университети ( Веллор ш.,) менен түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде Кыргыз-Индия информатика факультети ачылган.
АРТЕСН (Индия)  эл аралык билим берүү борбору менен  ИКМТБда АРТЕСН «Мультимедиа» жана «Компьютердик билим берүү» курстарын өткөрүү боюнча  келишим түзүлгөн . АРТЕСН курсунун негизги мазмундарын камтыган «Фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар» жана «Программдык инженерия» багыттары боюнча бакаларвларды жана магистрлерди даярдоо боюнча окуу пландары иштелип чыккан.

Ишмердүүлүктүн жана өнүгүүнүн келечектери

Программалоо, дизайн жана компьютердик тиркемелер боюнча жаңы  курстарын ачуу пландаштырылган.
Индия өкмөтү ИКМТБнын компьютердик жабдыктарын модернизациялоо  жана программалык камсыздоону жүргүзүү үчүн  жалпы суммасы 1 млн. АКШ долл. бөлүп берүүгө ниеттенүүдө.