Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

Эл аралык «Жаңы жибек жолу» институту»

Миссиясы- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен биргеликте Жибек жолу экономикалык алкагын түзүүгө байланыштуу маданий-экономикалык кызматташуусун кеңейтүү шартында инновациялык ой-жүгүртүүчү, атаандаштыкка туруктуу, ааламдашууга ийгиликтүү ыңгайлаша алган кесипкөй башкаруучуларды жана экономистерди даярдоону ишке ашыруу.

Борбордун негизги максаттары:

  1. Экономиканы, ишкананы, мекемелерди, бизнес-курамдарды башкаруу тармагында жогорку жана орто звенодогу менеджерлердин компетенцияларын өстүрүү; - ISO стандарттарынын негизинде сапат менеджменти боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин, эффективдүү менеджмент маселелери боюнча жеке ишканалардын жетекчилердин квалификацияларын жогорулатуу жана каржы эсебин, салыктык пландоону ж.б. үйрөтүү;
  2. КР жана КЭР билим берүү талаптарына жооп берген жана окутуунун биргелешкен жыйынтыктарын (насыяларын) таануу үчүн биргелешкен билим берүү программаларын жайылтуу;
  3. Академиялык алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
  4. Окуу, усулдук, илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк тармагы боюнча тажрыйба алмашуу;
  5. Кытай жана Кыргызстан элдеринин ортосунда маданий жана достук мамилелерди түзүү.

ККЭЭМИ жетекчилиги

3
САМАЙБЕКОВА ЗЕЙНЕГУЛ КУБАТБЕКОВНА

 Институттун директору, э.и.к., доцент.
1995-2000-жж. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт  жана архитектура университетинин студенти.
2000-2004-жж. КМКТАУнун «Дүйнөлүк экономика» кафедрасынын окутуучусу.
2004-2007-жж. Санкт-Петербург мамлекеттик инженердик экономикалык университетинин аспиранты.
Чет-тили: немец тили-сөздүк менен.
Байланыш маалыматтары: кызматтык телефону: 54 56 64

10

СЫДЫКОВА ЧОЛПОН КАЧКЫНБЕКОВНА

Институттун директорунун окуу иштери боюнча орун басары, э.и.к., доц., милд.атк;

Илимий изилдөө темасы: “КР базар экономикасынын  шартында курулуш мекемелеринде каржылоо пландаштырууну жакшыртуу” .
Илимий жетекчиси: т.и.к., проф. Шербекова А.А.
Байланыш  маалыматы: E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ,
+996 (703) 513651.

8

АСАНБАЕВА НУРБУБУ РАЙЫМБЕКОВНА

Директоратка методист
Телефон:+996-312-548878

КЫТАЙДАГЫ МАГИСТРАТУРА

Кымбаттуу 5-курстун менеджмент жана экономика, бух.эсеп, компьютердик лингвистика ж.б. адистигинин студенттери!

Сиздер үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк – бюджеттик негизде Сиань Транспорттук Университетинин (Сиань ш., Кытай) магистратурасына тапшыруу.
Анкета жана башка зарыл болгон документтер 2016-ж. 20-январга чейин кабыл алынат.
Толук маалымат жана анкета алуу үчүн 1/312 ЧББ кайрылыңыздар.

Тапшыруучулар үчүн маалымат: Соңку мезгилдерде экономисттерди жана менеджерлерди даярдоодо негизги багыттардын бири катары Xian Jiatong University (Сиань транспорттук университети) университети менен биргелешкен билим берүү  программаларын жана долбоорлорун  ишке ашыруу, окутуучуларды жана студенттерди  окутуу жана стажировка боюнча кызматташуу каралган.2015-ж. май айында  КМКТАУ Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Бир алкак – бир жол» долбоорунун негизинде түзүлгөн жаңы Альянсга кошулду.
Жыйынтыгында менеджмент мектептеринин альянсын түзүүдөн сырткары Сиань транспорттук университетинин менеджмент Мектеби жана Н.Исанов атындагы КМКТАУнун экономика жана менеджмент факультети ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандуму бекитилди. Бекитилген документтин негизинде экономика жана менеджмент факультетинин студенттери жана окутуучулары академиялык алмашуу боюнча макулдашууга жана биргелешкен бакалавриат (2+2, 3+1), магистратура BBA, MBA, EMBA(1+1), Ph- докторлорду даярдоону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул программаларды иш жүзүнө ашыруу үчүн 2015-ж. 10-декабрда Н.Исанов атындагы КМКТАУда Эл аралык Кыргыз-Кытай «Жаңы жибек жолу» институту ачылды.

 

 

Яндекс.Метрика