Бүгүн Шаршемби 21-08-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

ИСАНОВ НАСИРДИН ИСАНОВИЧ

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри   Насирдин  Исанов  1943-жылдын 7- ноябрында  Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында совхоз жумушчусунун үй-бүлөсүндө туулган.

      • 1960-жылы орто мектепти окуп бүтүрүп,  Москвадагы В.В. Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунун кечки факультетине окууга өткөн;
      • 1961-жылы институттун күндүзгү бөлүмүнө окууга которулуп,  аны 1965-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз ССРинин курулуш министирлигинин «Ош-курулуш» трестине жумушка жиберилип, № 3 курулуш-монтаждоо башкармалыгында чебер (мастер) болуп баштап, прораб, бөлүмдүн башчысы, тресттин башкы технологу, № 5 курулуш-монтаждоо башкармалыгынын башкы инженери болуп иштеген;
      •  1970-жылы партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструкторлугуна  которулуп, ошол эле жылы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармалыгынын партиялык комитетинин /райкомдун укугундагы/ катчысы болуп шайланган;
      •  1974-жылы комсомолдун Ош облустук комитетинин биринчи катчылыгына шайланып, 1976-жылдын октябрына чейин иштеген;
      • 1976-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн орун  басары болуп дайындалат;
      • 1979-жылдын октябрынан 1983-жылдын сентябрына чейин Кыргыз ССРинин курулуш министри болуп дайындалган;
      • 1980-жылдан баштап Н.Исанов Кыргыз Республикасынын эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
      •  1986-жылдын декабрынан тартып курулуш комплексин кайра курууга байланыштуу жаңыдан түзүлгөн Кыргыз ССРинин мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары-Кыргыз ССРинин  министри болуп дайындалган;
      •  1988-жылдын октябрынан баштап мурдагы Ысык-Көл жана Нарын облустары бириктилип, жаңы түзүлгөн Ысык-Көл облусунун Эл депутаттарынын облустук Советинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган;
      • 1989-жылы СССРдин Министрлер Советинин алдындагы эл чарбачылыгы академиясында экономика илимдеринин кандидаттыгы боюнча диссертациясын жактаган;
      • 1990-жылдын июнунда СССРдин Инженердик Академиясынын жалпы чогулушунда академик болуп шайланган;
      •  1990-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын вице-президенти болуп дайындалган;
      • 1991-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине бекитилген;
      • Сыйлыктары: Эмгектеги ийгиликтери үчүн   Н. Исанов 1974-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы,1981-жылы «Ардак белгиси» ордени, 1986-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордендери менен сыйланган;
      • Н. Исанов өлкөдөгү 1990-жылдан  баштап жүргөн радикалдуу саясий жана экономикалык реформалардын шарттарына ылайык республикада капиталдык курулуштун экономикасын жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча бир топ илимий жана 60 тан ашык басма  эмгектердин автору;
      • 1991-жылы ноябрь айында  капысынан болгон  автокырсыктан каза болгон;
      • Н. Исановдун ысымы  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2008-жылдын 17- октябрындагы жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине ыйгарылган.

                      


Н.Назарбаев  жана Б.Ельциндин сапары

Н.Исановдун М.С. Горбачев менен жолугушуусу, 1989-ж.,

Н.Исанов апасы менен


В.Куйбышев атындагы МИКИнин студенти Н.Исанов, 1963-ж.,москвалык студенттердин тобу


Н. Исанов үй-бүлөсү менен, 1981

 

 

Яндекс.Метрика