“Чыгармачылык: салт жана учур” эссе-сынагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу салттуу билимдер боюнча республикалык эссе-сынагын өткөзөт.
Адеп, ыйман жана маданият жылына карата “Чыгармачылык: салт жана учур” деген аталыштагыэссе сынакка бардык таланттуу, креативдүү жаштарды катышууга чакырабыз.
Сынакка орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери, студенттик жамаат, жаштар уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле салттуу билимдерге кызыккан Кыргыз Республикасынын жаштары катыша алат.
Эссе сынактын жеңүүчүлөрүнө Кыргызпатенттин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Иштер 2017-жылдын  21-октябрына чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720049, Бишкек шаары, 11-кичи район, 10/1 үй  же MicrosoftOffice 2007, Taimes New Roman шрифти, 12-кегль, 1,5 интервал менен d.akjol@patent.kg  электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Толук маалыматты www.patent.kg же http://patent.kg/fund/ сайтынаналууга болот.

Байланыш телефондор (0321) 52-12-47,
(0777) 98-98-93, (0553) 18-81-93