Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

3.jpg

 

 

 

 

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, КР ЖОЖ ректорлор кеңешинин төрагасы, Эл аралык транспорт Академиясынын Академиги, Казахстандын сапат менеджмент Академиясынын  Академиги, КР инженердик академиясынын академиги, КМШ өлкөлөрүнүн  Эл аралык курулуш ЖОЖ Ассоциациясынын башкармалыгынын вице-президенти, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Мутафа Кемаль Ататүрк атындагы эл аралык фондусунун алтын медалынын лауреаты, КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, техникалык илимдеринин доктору, профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович.

Кымбатуу биздин келечек студенттер, ата-энелер!

       Келечекте өз кесибинин адискөйү болуу үчүн ЖОЖду  тандап алуу өтө жооптуу кадам. 
Сапаттуу жогорку билим, абройлуу кесип гана эртеңки күнгө ишеним артырууга мүмкүнчүлүк берип, ийгиликтүү карьера,татыктуу маяна, жогорку социалдык статус жана коомдо кадыр-баркка ээ болууга шарт түзөт.
Биздин университет көп жылдык (быйыл 60 толот) тарыхы бар, бекем илимий пайдубалы менен, курулуш, архитектура, экономика, менеджмент, экология, инновация жана маалыматтык технологиялар жаатында компетенттүү  адистерди даярдоо боюнча даңктуу салты бар ЖОЖдун бири.
2010-ж. КМКТАУ Европалык университеттердин Улуу Хартиясына кабыл алынган.  
Биздин университет 2010-ж. Орто Азиянын эң мыкты окуу жайы;  2007-ж., 2008-ж., Кыргызстандын эң мыкты окуу жайы деп таанылган. Мындай таануу университетибиздин эл аралык интеграциялык билим берүү мейкиндигиндеги багыттуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жетишилген.
  Жыйынтык катары – Н.Исанов атындагы КМКТАУ «бакалавр-информатиктерди» даярдоо багыты боюнча Германиянын жогорку билим берүү  аккредитация агенттиги аркылуу (ASIN) эл аралык аккредитациядан өттү.
Университетте бир катар эл аралык долбоорлордун негизинде түзүлгөн эл аралык факультеттер, билим берүү борборлору иштешет.
      Университет  ТАСИС, ТЕМПУС, ДААД Европалык билим берүү программаларынын , Американын Инженердик-Маалыматтык Фондусунун жана Жарандык изилдөө фондусунун негизги жергиликтүү координатору жана аткаруучусу. Иш жүзүнө ашырылып жаткан билим берүү гранттарынын жалпы суммасы АКШ 12 млн.долларды түзөт.

Университет:

  • КМШнын курулуш ЖОЖдорунун эл аралык ассоциасынын жана анын  башкармалыгынын (20 жылдан ашуун);
  • Евразия – Тынчокеан  университеттер тармагынын UNINET;
  • Шанхай Уюмуна Кызматташ мамлекеттер-мүчөлүгүнүн университеттер тармагынын;
  • Архитектуралык мектептердин Эл аралык ассоциасынын;
  • Архитектуралык мектептердин Европалык коомунун мүчөсү.  

Бүгүнкү күндө университетте заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген илимий-техникалык окуу комплекси түзүлүп, интернет түйүнү менен байланышкан электрондук китепкананы, мультимедиялык класстардын тармагын, лабораторияларын жана студияларын камтыйт.
Университет өзгөчө көңүлдү социалдык маселелерди чечүүгө бурат: студенттер үчүн жаштар борбору,студенттик шаарча, медициналык борбор, машыгуу класстары  ж.б. иштейт.
Түзүлгөн шарттар студентер үчүн сапаттуу билим алууга, алардын чыгармачыл таланттарын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Студенттердин университетте окуу учурундагы мүмкүнчүлүктөрү:

  • Университеттин эл аралык долбоорго өнөктөшү катары Европалык ЖОЖдун биринде 1 жылдык курс окуу;
  • Өнөктөш Европалык ЖОЖдо биринде Европалык ЖОЖ сертификаттарын алуу укугу менен практика жана стажировка өтүү;
  • Тармактын эң мыкты ишканаларынан практика өтүп, келечекте ошол тармакка ишке орношуу;
  • Окуу менен иштөөнү айкалыштыруу;
  • Илимий-изилдөө конференцияларына жана сынактарына катышып, магистратура  өтүүгө мүмкүнчүлүк алуу;
  • Н.Исанов атындагы стипендиянын, Президенттик "Үмүт" стипендиясынын, ФПИнин ардагерлеринин стипендиасынын лауреаты болуу.

Биздин бүтүрүүчүлөр окуусун улантууга төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат:

  • КМКТАУнун магистратурасында жана ошондой эле өнөктөш Европалык ЖОЖдорунда;
  • КМКТАУнун аспирантурасында (PHD) же  өнөктөш Европалык ЖОЖдорунда;

Студенттер аскердик даярдоону биздин университетибиздин базасындагы окуу жайлар аралык факультетинде өтүшөт.
Биздин бүтүрүүчүлөр бир катар жакынкы жана алыскы чет өлклөрдө  ийгиликтүү эмгектенишүүдө. Алар республикабыздын жогорку мамлекеттик кызматтарында, министерство жана мамлекеттик агентстволордун кызматтык орундарында, облустардын губернатору жана ири компаниялардын, ишканалардын жетекчилик орундарын ээлешет.
Университеттин жамаатында 600 ашуун окутуучулар, алардын ичинде Кыргызстандын алдыңкы жана таанымал окумуштуулары,Эл аралык Академиялардын академиктери, илимдин докторлору, илимдин кандидаттары эмгектенишет.
Университетте 12 миңден ашуун студенттер, магистранттар жана аспиранттар университеттин  төмөнкү бөлүмдөрүндө окушат:
•   Архитектура жана дизайн институту (АДИ);
•  Курулуш, экономика жана менеджмент институту (КЭМИ);
•   Экология жана энергияны үнөмдөө институту (ЭЭҮИ);
•   Транспорт жана коммуникация институту (ТКИ);
•   Инновациялык  кесиптер  институту     (ИКИ);
•  Жаңы маалыматтык технологиялар институту (ЖМТИ);
• Кыргыз-Герман колдонмо информатика факультети ;
• Кыргыз-Индия  инженердик компьютер факультети.
• ЖОЖдор аралык аскер  факультети;

Биздин ынтымактуу үй-бүлөбүзгө кош келиңиздер!

                                                                            Жаңыланды:15-март 2019-ж.

 

Яндекс.Метрика