Бүгүн Шаршемби 23-10-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

                 СТУДЕНТТИК  ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

«Чыгармачылыкмаданий же материалдык  баалуулуктарды жаңы жаратуу».
 Студенттердин чыгармачылык аквтидүүлүктөрү-  жаңы өздүк демилге менен жаңыча түптөлгөн сапат же түптөлгөн  нерсени жакшыртуу.  Н.Исанов атындагы КМКТАУнун Жаштар борборунун негизги чакырыгы.
Студенттерди тарбиялоо ишинин негизги максаты –жоопкерчилик, аткаруучулук милдет сезими, жогорку маданият жана моралдык сапаттары бар активдүү чыгармачыл инсан кылып түптөө.

Университетте жаштардын бош убактыларын өткөрүү үчүн:

  • Жаштар борбору;
  • Жаштар иштери боюнча комитет;
  • Студенттик  сенат;
  • Жатаканалардын студенттик кеңештери;
  • SIFE UCTA  командасы түзүлгөн.

 Аталган студенттик уюмдар тарабынан маданий-агартуу иштери жүргүзүлүп, маданий жүрүштөр, экскурсиялар, майрамдык жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.  Бул уюмдар тарабынан өткөрүлгөн сынактар,көргөзмөлөр, поэзия кечелери жана талкуулар студенттердин шыгына-шык кошуп, таланттарын ачып, чыгармачылыктарын жайылтуу  чөйрөсүн жаратат.

Жаштар башкаруунун ыкмаларын өздөштүрүшүп жана маданий социалдык жүрүш-турушту  калыптандырышат, коомдун ачыктык принциптери  жана коомдук мамилелердин демократиялаштыруусу  боюнча тарбияланышат.
Университетте заманбап жогорку маданияттуу инсан калыптанат.
Студенттер иштиктүү сүйлөшүү  ыкмаларын өздүштүрүп,  лидер, өндүрүштүн жетекчиси болууга үйрөнүшүп, искусствого тартылып, кооздукту кабыл алуу менен эстетикалык сезимдерин өстүрүшөт.

Далил катары республикабызда  белгилүү  болгон «УСТА» бий ансамбли  2005-жылы расмий түрдө мамлекеттик «Элдик коллектив» статусуна ээ болгон, 2007-жылы «Таланттар академиясы» фольклордук коллективи   мамлекеттик «Элдик коллектив»  наамына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын ШТК командалар арасында университетибиздин «Веселый строитель» командасы байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Хореографиялык жана фольклордук коллективдердин ар бир майрамдык иш-чараларда, салтанаттарда, фестивалдарда жана концерттерде көрсөткөн чыгармачылыктары  республикабыздын, университетибиздин көркөм өнөрү  жана сыймыгы  катары таанылууда.
Аталган ийримдер  бай, салттуу,  күчтүү уюм деңгээлине чейин өстү. Ар бир  студент ийримдерде өз талантын ачууга мүмкүнчүлүк алат.

Окуу топторунун кураторлору студенттердин бош убактысын уюштурат, биринчи курстун студенттерине студенттик турмушка көнүүшүнө жардам көрсөтөт.

1

“УСТА” бий ансамбли  2000-ж., түзүлгөн;  50 ашуун студенттер катышат, негизги түзүмдү 16 жуп балдар-кыздар түзөт, ЖОЖдун чыгармачылк топторунун арасында ири коллектив деп таанылган.  Репертуары дүйнө элдеринин бийлерине бай:кыргыз,орус,казах,испан, монгол,цыган,өзбек,венгерж.б;
КР маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясынын чечими менен 2005-ж., 6- июлунда «УСТА» бий ансамблине- «Элдик коллектив» наамы ыйгарылган.

2“Таланттар академиясы” фольклордук коллективи  2002-ж., түзүлгөн, түзүмүндө 35 жакын студенттер катышат.
Белгилей кетүүчү нерсе, коллективдин катышуучулары элдик аспаптардын  бир нече түрүндө: комуз, ооз комуз,кыл кыяк, чоор,чопо чоор, ж.б. чебер ойношот.
         КР Маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясынын чечими менен «Таланттар академиясы» ансамблине «Элдик коллектив» наамы ыйгарылган.  
Аталган коллективдердин чыгармачыл  топтору жыл сайын ар түрдүү иш-чараларга катышышат:

  1. Студенттик өздүк көркөм чыгармачылыктын «Студенттик жаз-2003,2004,2005,2006.2007,2008,2009,2010,2011,2012,2013 фестивалдарында;
  2. Жаңы жылдык студенттик бал;
  3. Нооруз
  4. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү;
  5. Кайрымдуулук акцияларында: эл аралык карылар күнү;эл аралык балдарды коргоо күнү; (концерттик программалары менен катышуу)
  6. Эл аралык “Эне тилим – эне сүтүм” сынагына катышуу;
  7. Ыр-Кесе – 2004,2005-ж.ж., райондук  жана  шаардык сынактарда;
  8. Чет элдик делегацияларды тосуу.

Заманбап бий студиясы  2006-ж., техно, хип-хоп,арн-би  багыттарындагы  жаштардын бийлерин даярдоого көмөк берет. Аталган студиянын катышуучулары республикалык жана шаардык бир катар сынактарынын лауреаттары.

3
«Веселый строитель» курама командасы

ШТК курама командалары «Веселый строитель», «Пл@н Б», Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ШТК эл аралык Кыргызстан оюндар-лигасынын-2006,2007,2008 чемпиондору; ошондой эле “Студент кечтери”,“Тамаша-шоу”  КТРнын долбоорунун жеңүүчүлөрү; КМКТАУнун эки студенти Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары: Алиев Саламат (АДИ), Канкулиев Нурадил (ИКИ) Россиянын 1-каналынын Сочидеги ШТК теледолбоорунун катышуучулары.
“Веселый строитель” жана  “312” курама топтору Чүй лигасынын жана Кант шаарынын активдүү катышуучулары.
Университеттин 6 институттарынын ШТК курама командалары: «L&M» (КЭМИ),  «Эверест» (Транскомин)», «Нестрандарт»(ЖМТИ), «Коллегии  Орозалиева»(ИКИ), «7 миля»(АДИ), «ТриО», «Килограмм Тратила» ;
Мода көргөзүү студиясы кесипкөй моделдерди даярдайт, жыйынтыгында шаардык  ири подиумдарга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Хор студиясы  –2007-ж., ректордун демилгеси менен  патриоттук, лирикалык   ырларды кыргыз, орус, англис тилдеринде коллективдүү аткарууну уюштуруу максатында  түзүлгөн. Катышуучулардын жалпы  саны 50. Аталган студиянын катышуучулары «Бишкек жазы-2011, 2012-ж.,» фестивалынын лауреты болгон.
Вокалдык студия  –2003-ж., негизделген, студенттер арасында эстрадалык жанрда ырларды даярдап, жеке жана жамаатык даярдык жүргүзүлүп, ар түрдүү сынактарга эстрадалык  аткаруучуларды  даярдоо үчүн түзүлгөн.

 

Яндекс.Метрика