Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

«Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгөтуруктуу курулуш» кафедрасы

КАФЕДРА ЖӨНҮНДӨ

«Имараттарды  долбоорлоо,  тургузуу  жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасы  2006-жылы  «Архитектоника»  жана «Курулушту уюштуруу жана технологиясы» кафедраларынын негизинде түзүлгөн. Кафедра жетекчиси физика-математика  илимдеринин  кандидаты,  доцент  Маматов Ж.Ы. Окутуу жогору деңгээлдеги окутуучулар тарабынан өткөрүлөт. Кафедра  курамында 1 физика-математика илимдеринин кандидаты, 7 техникалык илимдеринин кандидаттары бар, окутуучулардын жалпы саны 28.
Кафедра курулуш тармагындагы универсалдуу адистерди даярдап чыгаруу максатында уюштурулган,  алар: инженер-архитектор, инженер-куруучу.  Аны менен бирге  кафедра магистрлерди окутуп чыгарат.
Кафедра   «Хабитат» ККФ, КНИИП, КМКТАУнун Технология Трансферттөө Борбору менен биргелешип ийгиликтүү иштеп келет.
Кафедрада Республика боюнча бир гана «курулуш материалдарын термо-иштеп чыгуу»  лабораториясы жайгашкан. Лаборатория өз учурунда курулуш конструкциялардын  тез кургатуу боюнча сарамжалдоо жолдорун республика боюнча мекемелерге жайылткан.
1981-жылдан баштап «Долбоорлоо Борбору» иштеп келет. Борбордо сурап-билүү нормативдик  адабият, типтик долбоорлор, каталогдор жана башка баалуу окуу материалдар орун алган. Бул окуу материалдар студенттерге дипломдук, курстук жана башка долбоорлордо зор жардамын берет.
Кафедра  курамында «Архитектура-курулуштук  физика» лабораториясы жайгашкан. Лабораториянын негизги багыты: конструкциялардын жылуулук өткөрүү касиеттерин изилдөө.
Аны менен бирге кафедра курамында «Жер титирөөгө туруктуу курулуш» лабораториясы иштеп келет. Лабораторияда үзгүлтүксүз сейсмикалык платформада сыноолор өткөрүлөт. Нормативдик-техникалык, эсептөөчү, лаборатория-аспаптык жана башка базалары бар.
Кафедранын инновациялык иш аракети жана негизги милдети – багыттуу адистердин жаңы муунун даярдоо. Толугураак…

                                                                                                                Жаңыланды: 24.02.2018. 

Яндекс.Метрика