Бүгүн Бейшемби 19-09-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

    «АРХИТЕКТУРА» КАФЕДРАСЫ

1

 “Архитектура”кафедрасынын башчысы
 архитектуранын доктору, профессор
Дүйшөн  Жунушевич  Өмүралиев

 

 

 

 

“Архитектура”кафедрасынын тарыхы

Aрх.доктору Д.Өмүралиев "Этноархитектура тууралуу"

Кафедранын курамы

Кафедранын бүтүрүүчүлөрү

70-жылдардан баштап кафедранын бүтүрүүчүлөрү архитектуралык жана дипломдук долбоорлоодо Эл аралык жана бүткүл дүйнөлүк сынактарда биринчи орундарды ээлешти.1973-жылы М.Төлөнбаева “Ылай-Талаа кыштагынын курулушу” дипломдук долбоору боюнча Бүткүл дүйнөлүк дипломдук иштердин көргөзмөсүндө
биринчи даражадагы дипломго ээ болуп,Советтер Союзундагы эң жакшы сапаттагы дипломдук иш болуп эсептелинип,Париждеги эл аралык көргөзмөгө сунушталган.(Жетекчиси: Токбаев).
1989-жылы кафедра эң чоң ийгиликке жетишти.А.Алсеитова “Ысык-Көл базары” дипломдук долбоору боюнча Эл аралык архитектура академиясынын “Алтын медалына”  жана Эл аралык архитекторлор кеңешинин гран-присине татыктуу болду. (жетекчиси: Өмүралиев Д.Д.)
Жалпысынан, ХХ кылымдын 70-90 жылдар аралыгында кафедранын бүтүрүүчүлөрү Эл аралык дипломдук иштердин көргөзмөсүндө 30 дан ашык “эң жакшы” жана “биринчи даражадагы” дипломдорго татыктуу болушту.

Architecture2
Диплом коргоодо

 Кафедранын бүтүрүүчүлөрү көптөгөн Эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү болуп эсептелет, мисалы А.Зусек,С.Рыспеков «Келечектеги турак-үй» үчүн Япониядагы конкурстун жеңүүчүсү.В.Цеменко «Экстремалдуу шарттарда жашоо» долбоору менен Эл аралык конкурстун жеңүүчүсү .Д.Өмүралиев,О Байгожоев Эл аралык жана союздук маанидеги бир нече сыйлыктарды алышкан.1997-жылы Д.Өмүралиев,О.Байгожоев,М.Отунчиев,Ж.Исаков   биргелешип эң жакшы жасалган «Манас айылы» маданий комплекси долбоору  үчүн Эл аралык архитекторлор Кеңешинин  алтын медалы жана гран-присине ээ болушкан.
Д.Өмүралиев,У.Ташкулов 2004-жылы «Байыркы Кыргызстандын архитектурасы» китеби үчүн сыйланган.
Кафедра өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктана алат: К.Нарбаев- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуштун төрагасы,И.Д.Кадырбеков -архитектуранын кандидаты,Республиканын эмгек сиңирген архитектору,Ш.Жекшенбаев,К.Назаров –Токтогул  атындагы  мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,республиканын эмгек сиңирген архитекторлору-К.Комбарбаев,А.Турсунов,К.Ибраев,Т.Кеңешов,К.Абдраков жана башкалар.  Кафедранын бүтүрүүчүлөрү азыркы мезгилде башкы архитекторлор болуп иштешет.С.М.Баимбеков-Ысык-Көл областында,У.Калмамбетов – Нарын областында,Б.Б.Нурмаматов –Баткен областында,А.Айткулов –Ош областында.А.Абдыкаров-Бишкектин башкы архитектору,Н.Баетов-Ошто.Чет өлкөдө иштеген архитекторлор –кафедранын бүтүрүүчүлөрү: И.Спектор,В.Гресле,Г.Янцен,А.Зусик,А.Логунов, Н.Калинов, А.Коханов, Г.Кац, Д.Егимбаева, А.Лебедев жана башкалар.

 Келечектеги архитекторлорду даярдоонун өзгөчүлүктөрү.

   Архитектор ишмердүүлүгүнүн-  эң башкы гумандуулук максаты  - адам баласынын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө,анын инсан катары гармониялык өнүгүүсүн чечүүгө багытталган. Архитектор кесибинин эң башкысы- анын өзгөчө татаал, ошондой эле  ар тараптуу-кызыктуу кылып жасашында. Инженердик эсептөө, философиялык ой-жүгүртүүнү,чыгармачыл туюу сезимин бириктирип чагылдыруу.

2012-жылдан баштап кафедра  европалык стандартка ылайыктуу жаңы келечектеги адистиктеги архитектор- бакалаврларды  даярдайт, окутуунун мөөнөтү -5 жыл.
Жаңы окуу планы жана окуу-усулдук материалдар иштелип чыккан.  Теоретикалык жана практикалык жогорку деңгээлдеги архитекторлорду даярдоодо- компьютердик долбоорлоого өзгөчө көңүл бурулат.

“Архитектура”  кафедрасы төрт тармактуу адистешүүгө ээ :

  1. “ Турак-жай жана коомдук имараттардын архитектурасы”,
  2. “Ландшафттык архитектура”,
  3. “ Айыл архитектурасы ”,
  4. “Монументалдык архитектура”.

2013-жылдан баштап архитектуранын магистрин даярдайт,окуу мөөнөтү 2-жыл.
1997-жылдан баштап кафедрада 18.00.01 “Архитектуранын тарыхы жана теориясы,
Архитектуралык мурастарды реставрациялоо жана реконструкциялоо” адистиги боюнча аспирантура ачылган. Азыркы мезгилде аспирантуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө  10 аспирант, 5 изденүүчү жана 1 докторант билим алат.
«Архитектура» адистигине тапшырууда абитуриенттер   адистешкен сабактардан. “Сүрөттөн” жана “Чийүүдөн” кирүү сынактарын тапшырат. “Сүрөт” боюнча кирүү сынагы эки этаптан турат.


Architecture3

1.гипстелген баштын сүрөтү;
2. геометриялык фигурадан түзүлгөн композиция;
Мындан тышкары, абитуриенттер  кошумча кыргыз жана орус тилдери боюнча тесттерди тапшырат.
Кирүү сынактарына документтерди тапшыруунун алдында абитуриенттер “Сүрөт” боюнча сүйлөшүүдөн өтүшөт,бул үчүн өзүнүн иштерин көрсөтүүгө атайын даярдалган папкасы болушу керек.(карандаш,живопись)
Кафедрада сүрөт жана чийүү боюнча даярдоо курстары уюштурулган.Кафедрада окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

 

Кафедрада окутуунун мазмуну:

         “Архитектуралык долбоорлоо” тармактуу сабагы архитектордун долбоордук ишмердүүлүгүндөгү негизги багыт кенен фундаменталдык даярдоо менен камсыз кылуу-
Жараандын курулуш обьектисин долбоорлоо жана шаар курууну долбоорлоо,тескерисинче  чөйрөдөгү жашоонун ыңгайлуу-жайлуу болуп түзүлүшүн чечүүчү көйгөйлөрдү бириктирүү. Бул маселелерди мүмкүн болушунча :  “Турак-жай жана коомдук имараттардын архитектурасы”,”Имаратты инженердик жабдуулар”,”Архитетуралык физика”,”Курулуш конструкциясы” жана башка лекциялык курстарды бирдиктүү окуганда чечүүгө мүмкүн. Архитектуралык долбоорду окууда чыгармачылык ыкмасын студент өзүнүн келечектеги практикалык ишмердүүлүгүндө    колдонот. Ал үйрөнгөндөрүнө ылайык Архитектуралык долбоорлоонун кесиптик процессин жайылтат.
1-чи жана 2-чи курстарда «Архитектуралык долбоорлоо» менен бирдикте «Көлөмдүү-мейкиндик композиция» сабагы өтүлөт. Бири-бирине тутумдашкан «Архитектуралык долбоорлоо» жана «Көлөмдүү-мейкиндик композиция» тапшырмалары студенттерге чыгармачылык изденүүнү жаратат да, кесиптик иштин эң жогорку деңгээлинин өсүшүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет.Окутуунун процессинде студенттик топтордо долбоордук жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүк үчүн,шаар куруу долбоорун жана көлөмдүү ыкманы өздүштүрүү үчүн, долбоор алдындагы жана долбоорду аныктоо,эскиздөө долбоорду ар түрдүү графикалык жактан иштөө жана макет жасоо жөндөмдүүлүгү үчүн ыңгайлуу,чыгармачылык атмосфера түзүлөт.Архитектуралык аныктоо ыкмасынын сквоздук программасы ар бир курстагы тапшырманын татаалдыгына көнүү,бул биздин архитектуралык мектептин эң күчтүү жагы экенин көрсөтөт.

Architecture4

 К .Назарбаевдын  дипломдук долбоору

Биринчи курстарда архитектуралык долбоорлорду тапшырууда негизги көнүгүүлөр үйрөтүлөт.
Архитектурада  кол менен иштөө графикасына,ошондой эле компьютердик иштөөгө өзгөчө  көңүл бурулат. Окутуунун прцессинде чагылдыруунун негизги түрлөрүн аткаруу :
Ортогоналдык чийүү, перспектива, жууп-боё, эскиздөө жана так сүрөт тартуу.
Архитектура менен биринчи жолу таанышууда анын классикалык аналогу, Борбордук Азиянын архитектурасынын эстеликтери жана заманбап имараттар композициялык принциптерге туура ой жүгүртүүгө,мейкиндик ой-жүгүртүүгө жана  чыгармачылыгын өнүктүрөт.Долбоорду иштөөдө негизги этабы болуп  түрдүү баскычтардагы идеянын  өнүгүүсү болуп –клаузура эсептелет. Клаузура долбоордун жалпы жыйынтыгын тандоо,ошондой эле конкреттүү көйгөйдү чечүү үчүн колдонулат.(Мисалы: белгилүү бир фасадды жасоодо же өзүнчө бир архитектуралык деталды жасоодо).Ошондой эле ар түрдүү материалдарды колдонуу менен макет жасоо техникасы үйрөтүлөт.(картон,пластик,пленка,жыгач,металл жана башкалар ).Имараттын көлөмдүү-пландык түзүлүшүндө,концепцияны издөө баскычында, жалпы композицияны жана функционалдык мааниде –макет жасоо эффективдүү.
Студенттер окутуунун процессинде  окуу, архитектуралык-технологиялык,долбоордук, диплом алдындагы практикаларды Кыргызстандын шаарларында, архитектуралык-шаар курулуш башкармачылыгында,Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү эң көрүнүктүү долбоордук жана илимий -изилдөө институттарында өтүшөт.

Architecture5

 Ноорузбеков Р: “С.Чокморовдун комплекси долбоору; ,Кулбачаев Н:”С.Чокморовдун комплекси”долбоору

 Окутуунун акыркы стадиясында студенттер мамлекеттик  сынакты (архитектуранын тарыхы жана теориясы) тапшырышат жана белгилүү бир темада дипломдук иштерди аткарышат.

Монографиясы

Илимий-изилдөө иштери

                                                                                                Жаңыланды:17.05.2019-ж.

Яндекс.Метрика