Бүгүн Шаршемби 23-10-2019
Жаңылыктар Кулактандыруу

IsakovИСАКОВ КУТТУБЕК ИСАКОВИЧ

«Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын башчысы,
Транспорт жана экология институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, А.Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын мүчо-корр., т.и.к., КМКТАУ профессорунун м.а., КР билим берүүсүнүн отличниги Фрунзе политехникалык институтун 1985-ж. бүтүргөн, адистиги – курулуш-жол машиналары жана жабдыктары.
КР билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы, илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин Грамотасы, илим жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүк аймагындагы чоң жетишкендиктери үчүн КР мамлекеттик патент кызматынын Грамотасы менен сыйланган. КР мамлекеттик патент кызматынын стипендиаты.
80 ден ашуун эмгектери жарык көргөн, анын ичинен 1 окуу китеби жана 20 усулдук көрсөтмө, 10 ойлоп табууга КР патенти.
1986-2002-ж. «Транспорт» багытында ФПИ, КМКТАУда инженер, лаборатория башчысы, мугалим, ага мугалим, кафедра башчысы, декан болуп иштеген.
2002-жылдан бери  КМКТАУнун «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын башчысы болуп иштөөдө.
Анын жетекчилиги астында 2 илимдин магистри жана техника илимдеринин кандидаттыгына 3 изденүүчүнүн диссертациялык иши аяктаган. Негизги илимий багыты: «Бийик тоолуу шарттарда оңдоп-куруу иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн көп максаттуу жумушчу жабдууларын иштеп чыгуу жана түзүү» жана «Бийик тоолуу автомобиль жолдорунда жана шаардын шартында кыймылдын коопсуздугун жана уюштурууну жакшыртуу».
Көптөгөн жылдардан бери илимий-изилдөө иштеринин жетекчиси болуп эсептелет, анын жыйынтыгында көп максаттуу жумушчу жабдуулардын жаңы конструкциялары сунушталды жана иштелип чыкты. Өзгөчөлүгү – трансформациялык мүнөздөгү жумушчу жабдыгы, б.а. «жумушчу жабдык-трансформер» жаңы багыттагы жумушчу жабдыгы биринчилерден болуп иштелип чыкты.
АРИС долбоорунда машыктыруучу болуп иштеген.
Байланыш маалыматы: e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. , кызм.тел.: (0312) 54-16-96.

sd

ПАТЕНТ №1411
Исаков К.И., Тургумбаев Ж.Ж., Рысбеков А.Ш., Бейшеналиев А.А., Алтыбаев А.Ш.

            Телескоптук туртуучу торсундары менен жер түрткүчтүн жумушчу жабдуулары

Телескоптук түртүүчү брустары менен бульдозердин жумушчу жабдыгы.
Ойлоп табуу жер казуу-ташуу машиналарына тиешелүү, тагыраак айтканда бульдозердин жумушчу жабдыгы.

sd

ПАТЕНТ №936
Исаков К.И., Тургумбаев Ж.Ж., Бейшеналиев А.А., Муталип уулу Б., Сурапов А.К., Алтыбаев А.Ш.

            Бульдозердин жумушчу органы

            Ойлоп табуу жол-куруу машиналарына тиешелүү, тагыраак айтканда бульдозер тибиндеги жер казуучу машиналар.

df

ПАТЕНТ №968
Исаков К.И., Тургумбаев Ж.Ж., Бейшеналиев А.А., Сурапов А.К., Алтыбаев А.Ш.

            Бульдозердин жумушчу органы

            Ойлоп табуу жер казуу-ташуу машиналарына тиешелүү, тагыраак айтканда бульдозердин жумушчу жабдыгы.

Яндекс.Метрика