Today Wednesday 23-10-2019
News

Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

КР Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайбыз!

Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!

Н.Исанов ат.КМКТАУ КР Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын сентябрь айында «Мамлекеттик тилдин бир айлыгын» жарыялап, маданий жана адабий иш-чараларды өткөрүүдө.

     2019-ж. 19-сентябрында саат 11.00дө университеттин ЧЖЗда КР Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Программада:

-          - Ректор, т.и.д., проф.А.А.Абдыкалыковдун куттуктоо сөзү;

-         -  Расмий коноктордун: КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы;

-        -  КР билим берүү жана илим министрлиги;

-         -  Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы.

-          - Студенттердин майрамдык адабий-музыкалаштырылган программасы;

-          - «Мамлекеттик тилдин бир айлыгы» сынагынынжеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи.


     

Ректорат, уюштуруу тобу.

Яндекс.Метрика